Талас облусунда жарадар болуп табылган ак илбирс ветклиникага жөнөтүлдү

«Турмуш» басылмасы Талас облустук Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин жетектөөчү адиси Айнуру Алиевага таянып 9-январда Талас облусунун Көк-Ой айлындагы Булбул-Жар токоюнда талдын башында жарадар болгон ак илбирс табылганын билдирди.

Видеого ак илбирсти жерге түшүрүп, андан кийин алып кетүү үчүн буттарын кантип байлашканы тартылган. Ага тумшук кап тагылбаганы менен ал адамдарды тиштөөгө аракет кылган эмес. Жаныбардын тумшугу тытылып, көзүнөн жаракат алган.

Жаныбар Көк-Кашат айылындагы тургундардын биринин капасына убактылуу киргизилип, андан соң ак илбирсти коргоо боюнча «NABU-Кыргызстан» уюмуна өткөрүлүп берилген.

«Азыркы учурда биз анда [илбирсте] изилдөө өтүлүп жатканын айта албайбыз. Бул браконьерлердин кылган иши деп ойлобойм», — деп билдирди уюмдун өкүлү.

«Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитова кабарлагандай, учурда жаныбар К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык универстинин ветеринардык клиникасына которулган.

«Жаныбардын көзү менен мурдунан кан агып жатыптыр. Жаныбар баш-мээсинен жаракат алганы көрүнүп турат. Олуттуу кароо, анализ жүргүзүш керек, андан соң эмне болгону жана жаратылышка кайта алабы-жокпу билинет. Анан да жаныбардын жашы маанилүү. Дегеле көптөгөн суроо жаралат: ал жакка кантип барып калган, өзү жүрө турган жерден алыс, эмне болгон? Эмне үчүн мынча оор жаракаттарды алган?» — деп билгиледи Сейитова.

Сейитова кошумчалагандай, фонддо илбирсти кароого алуу үчүн бардык керектүү шарттар бар.

Экологдордун баамында, дүйнө жүзү боюнча илбирстердин саны жалпысынан 3,5 миңге жетет, алардын 500ү Кыргызстанда. Мышык түркүмүнө кирген бул жаныбар «жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбар түрү» катары Кызыл китепке 1997-жылы киргизилген.

Өкмөт 2017-жылы ак илбирсти атуу үчүн айыппулдун суммасын 1,5 млн сомго чейин көтөргөн.