«Клооптун» оператору Хамидулло Узаков Руслан Матраимовдун арызы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан сурак берип чыкты. Узаков суракка 11-январда саат 10:00го чакырылган болсо, тергөөчү жарым саат кечигүү менен кабыл алган. Ал эми суракка чакыруу кагазында эмне себептен чакырылганы жазылган эмес жана мөөр басылган эмес.

Узаковдон ошол күнкү окуя боюнча сурашкан.

Кече күнү Ош ШИИБиде «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыпов менен журналистти Элдияр Бакиров сурак беришкен. Бирок Бакировго суракка чакыруу кагазы арткы дата менен тапшырылган.

Руслан Матраимов — бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси, ал «Исмаил ата» кайрымдуулук фондун жетектейт. Аталган фонд жана Искендер Матраимов, Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко беришкен. 20-январда кезектеги соттук отурум өтөт.

Бул жолкусунда Матраимовдорго «Клооптун» кызматкерлери алар жашаган аймакта тасмага тартып иштеп жатканы жаккан эмес. Журналисттер Руслан Матраимовдун үйүнөн жүздөгөн метр аралыкта болгонуна карабастан ал арыз жазган.

Матраимов съемка жасаган команданын ишмердигин текшерүүнү талап кылган. Алар анын үйүнүн жанындагы каралбай калган үйдү тартып жатышкан эле. Матраимовдун айтымында, журналисттер анын үйүн тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигин бузушкан жана анын коопсуздугуна шек келтиришкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды. Иш кылмыштын белгиси жоктугунан жабылышы мүмкүн же Руслан Матраимов менен бетме-бет жолугушуу уюштурулушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз.

Журналисттер чындыгында эмнени тартышкан?

«Клооптун» кызматкерлери 9-январда Ош шаарындагы Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тасмага тартышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал мыйзамсыз курулган.

Журналисттер буга чейин аталган курулуш боюнча маморгандарга бир нече ирет сурам кат жиберишкен — документтер милицияга берилди. Мындан тышкары, милиция тартылган видео съемканы берүүнү талап кылды. «Клооп» аларды берүүгө макул, бирок бербей деле коюуга болот болчу, анткени журналисттер мыйзамсыз эч нерсе кылышкан эмес.

Тема боюнча:

Матраимовдун арызы боюнча «Клооптун» айдоочусу жана журналисти суракка алынды