Канат Сагымбаев — мамкүзөттүн мурдагы кызматкери, ал Атамбаевдин үйү штурмга алынган окуядан кийин жумуштан алынган.

Мурдагы президент катары Атамбаевге мыйзам боюнча күзөт каралган эле.

Сагымбаевдин айтымында, аны штурм боло турганы жөнүндө кабардар кылышкан эмес жана объектти кайтаруу буйругун беришкен. Штурм учурунда Атамбаевди кайтарып, андан кийин кылмыш ишинин фигурантына айланган.

Атамбаевдин жансакчысы 11 өзгөчө оор кылмышка шектелип жатат. Бул тууралуу 10-январда белгилүү болду.

Жансакчы эмнеге шектелүүдө?

Сүрөт: 24.kg

Канат Сагымбаевдин адвокаты Бакытбек Автандил уулу «Клоопко» ырастап бергендей, Сагымбаев 11 оор жана өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө.

Анын айтымында, башында Сагымбаев КРдин Жазык кодексинин «Бийликтү күч менен басып алууну уюштуруу», «Массалык башаламандык уюштуруу жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар», «Адамдарды барымтага алууну уюштуруу», «Адам өлтүрүүгө жардамдашуу» беренелери боюнча фигурант катары өткөн.

Кийинчерээк аны адам өлтүрүүгө кол салууга көмөктөшүүгө, бийлик өкүлүнө карата зомбулук колдонуу же зомбулук колдонууга коркутуу, тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө каршылык кылууну уюштуруу жана алгачкы текшерүү органына карата зомбулук колдонууну уюштурууга айыпташкан. Ошондой эле Сагымбаевге карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ок атуучу куралдар менен ок-дарыларын уурдоону уюштуруу беренелери да тагылууда.

«Биз учурда кылмыш ишинин материалы менен таанышуу баскычындабыз. Ушул иштин материалы менен таанышуу аяктагандан кийин өтүнүч кат беребиз», — деп билдирген Сагымбаевдин адвокаты.

«Кызматташууну сунушташкан»

Сагымбаевдин жакындары, туугандары жана айылдаштары бир нече жолу нааразычылык акциясына чыгып, аны бошотууну талап кылышкан.

Канат Сагымбаев бардык айыптарды сандырак деп эсептейт. Анын пикирин адвокаты мындайча айтып берген.

«Бул иште саясий жашыруун сыр бар, “эски достордун” ортосундагы [жаңжал]», — деп эсептейт Сагымбаев. Анын айтымында, ал тергөөгө тоскоол болгон эмес, анткени бет капчан адамдар өздөрүн «тергөө же алгачкы текшерүү органы» катары тааныштырган эмес.

Боштондукка чыгаруу үчүн ага бир нече жолу тергөө менен кызматташууну сунушташкан дейт адвокат.

«Мунун бардыгы пландалган деп ойлойм. Кылмыш жоопкерчилигинен бошотуласың деп бир нече жолу тергөө менен кызматташууну сунушташкан», — дейт Сагымбаев. Ал коюлган күнөөлөрдүн бардыгы «кызыктар адамдардын куру айыптары менен токулуп атат», тагыраагы тергөө менен келишим түзгөн адамдардын сөзү менен деди Автандил уулу.

УКМК жансакчыга штурм тууралуу эскертилгенин жана ал милдеттенмелерин аткарган эмес деп айтууда. 2019-жылдын декабрында Сагымбаев УКМКнын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн — жансакчы штурм тууралуу билбегенин жана ал менен «Альфага» жетекчилик ар башка буйрук беришкенин айтып чыккан. Ага — объектти кайтаруу, аларга — резиденцияны штурмга алып, мурдагы президентти кармап алып келүү.

Атамбаевдин жансакчысы

Дамир Мусакеев. Сүрөт: Клооп

Сагымбаев — кылмыш ишинин фигурантына айланган Атамбаевдин жалгыз эле жансакчысы эмес. Кылмыш иши УКМКнын 9-кызматынын (Мамкүзөт) экс-башчысы Дамир Мусакеевге каршы да козголгон. 2019-жылы майда ал кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип 5 жылга эркинен ажыратылган.

Мусакеев күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал «коррупционерлерди дайыма жек көрүп келгенин жана эч качан чоочун бирөөнүн же мамлекеттин чөнтөгүнө кол салбаганын кирбегенин» билдирген.

Тексттин үстүндө иштегендер: Батма Шүкүрүбекова жана Жамиля Асанова