Атамбаевдин жансакчысы Кой-Таштагы «ийгиликсиз» операцияга УКМКнын жетекчилерин айыптады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча мамкомиссиянын корутундусуна байланыштуу билдирүү жасады. Ал Атамбаевдин фейсбуктагы барагында жарыяланган.

Сагымбаев корутундуну «учурдагы бийликке жагалданып чыгарылган [...] уятсыз жана кара ниет жалган» деп атады.

Анын айтымында, УКМКнын жетекчилери парламенттин депутаттарына «Сагымбаевге алдын ала эскертилген жана ал буйрукту аткарган жок» деп «тартынбастан эле жалган айтып коюшту»

«Ошол күнү алар эки жүздүү буйрук беришкен: “Альфанын” кызматкерлерине — “экс-президентти кармап, алып келүү”, ал эми мага — “объектти кайтаруу”. “Альфанын” аскерлери коюлган тапшырманы аткара албай калышты. Мен өз кызматтык милдеттеримди так аткарып, объектти аман-эсен өткөрүп бердим — объекттин башынан бир да чач түшкөн жок», — деди ал.

Анын айтымында, ал 7-8-августтардагы окуяларга чейин эле 9-кызматтын мурдагы жетекчиси Тимур Шабданбековго кайрылып, эгерде Атамбаевди күч менен кармай турган болуп калса анын милдеттери жана жоопкерчилиги кандай болоорун сураган.

«“Эгер сиздин буйругуңуз ушундай болсо, кагаз түрүндө жазып, анда Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүңүзгө алаарыңызды түз көрсөтүңүз”. Мен ушуну талап кылгам. Бирок Шабданбеков макул болгон эмес, кыязы жоопкерчилик албаганга аракет кылган да минтип айткан: “Канат, сен азыр бара бер, мен баарын өзүм өйдөдөгүлөр менен тактап, сага билдирип коем”. Бул сүйлөшүүдөн кийин ал мени менен байланышкан эмес жана эч нерсе билдирген эмес», — деп айтып берди Сагымбаев.

Мындан тышкары ал «терс натыйжаларга алып келген планды даярдаган, каарданган көпчүлүктүн колуна аскерлерди ыргытып салган» УКМКнын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Сагымбаев УКМКнын спецназынын кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун өлүмү тууралуу иш боюнча экспертизанын жыйынтыктарына шектенгендигин билдирди.

Анын айтымында, ал экспертизага катышууга уруксат берүүнү өтүнгөн, бирок ага баш тарытп коюшкан.

«Экспертизада көрсөтүлгөн курал үйдүн үчүнчү кабатында болгон, ал ал жактан чыгарылган эмес. Эмне үчүн үчүнчү кабаттан экинчи кабатка чейин бир тамчы кан да, из да жок? Адамга ДСВдан ок тийсе ал кансырамак», — деди Сагымбаев.

Ал кошумчалагандай, спецназдын кызматкери ДСВдан (Драгуновдун снайпердик винтовкасынан) жарадар болушу мүмкүн эмес, ошондуктан ал жана Атамбаев Ниязбековдун өлтүрүлүшүнө айыптала алышпайт.

«Менде Алмазбек Атамбаевге каршы эч кандай көрсөтмөлөрүм жок. Мен эч качан мыйзамды бузган эмесмин. Эң башкысы, мен өз милдеттеримди мыйзамдын талаптарын катуу сактоо менен так аткардым», — деп жыйынтыктады ал.

Канат Сагымбаев – УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күзөтүнүн башчысы.

Ал 25-сентябрга караган түнү кармалып, «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» жана «Массалык башаламандык уюштуруу» беренелери боюнча шектелген. Кийинчерээк ал «Альфа» спецназынын кызматкери Үсөн Ниязбековдун өлүтүрүлүшүнө айыпталган.

Сагымбаев август айында Кой-Ташта болгон жаңжал учурунда мурдагы президент Атамбаевдин коопсуздугун камсыздаган.

Кой-Таштагы окуялардан бир ай өткөндөн кийин Сагымбаев «Кызматтык шайкеш келбестик» беренеси боюнча УКМКдагы кызматынан алынган. Муну ал «ички тартиптерге карабастан ЖМКлар менен байланышка барганы», кызматтык куралды кайтарбаганы жана атайын техниканы өз убагында кайтарбагандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Сагымбаев өзү болсо Атамбаев президент болуп турганда эле анын күзөтүндө иштеген.

Ички иштер министри Кашкан Жунушалиев 12-декабрда билдиргендей, Ниязбековду өлүмгө алып келген ок Атамбаевге катталган снайпердик винтовкадан чыккан. Мындан тышкары, Жунушалиев Атамбаевге «Альфа» атайын түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшүнө шектөө тууралууу билдирүү тапшырылганын айткан.