Болот Темиров, журналист. «Фактчек» басылмасынын башкы редактору

Бул текст Болот Темировдун фейсбук барагында жарык көргөн. «Пикир» рубрикасында жарыяланган тексттер автордун жеке көз карашын чагылдырат.

Контекст: Белгисиз адамдар «Фактчек» сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен

Өзүмө келдим. Эки күн тергөөчүлөргө, ооруканаларга, соттук медицина эксперттерине чуркап жүрдүм. Бул кымгуутардан кийин автоматтык түрдө робот сымал болуп калдым. Бул үч күн аралыгында тынч отурган алгачкы сааттарым, азыр гана жүз берген окуя чындап болгонун аңдап турам.

Чынын айтсам коркуп жатам! Абдан катуу, өтө катуу коркуп жатам! Жакындарым үчүн, туугандарым үчүн, кесиптештерим үчүн коркуп жатам! Мен баатыр эмесмин, башкалардай эле жөнөкөй кишимин, мен коркуп жатам!

«Бешинчи каналдын» журналист кыздары менден Матраимовдорду түз айыптаганымды айтырууга аракет кылып жатышты. Үч жолу телефон чалышты. Уялбастан эле: «Токмоктоо боюнча так Матраимовдорду айыптап жатам деп түз айтыңыз», — дешти.

Буга чейин телефон аркылуу Биринчи май райондук тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары да (аты эсимде жок) көшөрүп ошол сөздөрдү уккусу келип сурап атты. Силер мага айткандарымды кайталап бер, биз начальникке отчёт беришибиз керек деп айттыңар.

Эми болсо мен кайсы начальникке экенин түшүндүм. Кийин сурак учурунда силердин «Бардыгын сура, мен ал тууралуу төрөлгөнүнөн баштап бардыгын билишим керек! Эң башкысы эмне үчүн Матраимовдорду айыптап атканын?» деп ары бери кымгуут түшүп чуркаганыңарды дагы түшүндүм.

Мага силердин сөздөрүңөр азыр эле жетти. Силер — журналист да, РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары да, кожоюнуңарга ушунчалык аракет менен жардам кылгыңар келгендиктен, өзүңөр кызыктар экениңерди жашыра албай калдыңар.

Ал учурда мен муну айткан эмесмин. Эми болсо билдирүү жасап жатам!

Ачык айтам — силер мээси жок көк мээсиңер! Жазасыз болуп жатканыңарга жыргап атасыңар! Акча жана тамырланган бийликке жеткен Райым! Анын өнөктөшү Камчы Көлбаев — бүткүл Кыргызстандын падышасы! Силердин сөөк түрүндө кайыр садака күткөн ит сымал көшөкөрлөрүңөр — Келдибековдор, Төрөбаевдер, Жумабековдор, Ташиевдер!

Силер бүт өлкөнү, Кыргызстандын бүт элин коркутуп жатасыңар! Саткын журналисттер менен хакерлер сыяктуу «шакалдарды» жалдап алып, силердин чириген жан дүйнөңөрдү эч ким көрбөй калат деп ойлоп жатасыңарбы? Баары көрүп турушат, бирок коркушууда, катуу коркуп жатышат!!!

Мени көчөдөн таанышууда. Келип колуман кысып, көпкө чейин коё бербей жатышат. «Бул “беспредел” качан бүтөт?» деп сурашууда.

Мен болсо бул суроого жоопту билбейм. Жөн гана билбейм.

Мага убактылуу чет өлкөгө чыгып кетүүнү сунушташты, көчүүнү жана турак жайды төлөп берүүгө даяр турушат. Бирок мен facebook барагынан мындай жоомарттык менен сунушталып аткан сунуштан баш тартып жатам жана мен үчүн кабатыр болуп аткан адамдарга ыраазымын.

Райым Матраимовдун аялы үчүн өч алуу боюнча буйрукту аткаргандардын бирөөсүнүн жүзүн көрүп, жаттап калдым. Ал жөн гана жан дүйнөсү, интеллекти жок күчүк жана сиз өзүңүздү ушундайлар менен курчап алдыңыз, өзүңүз да ошондойсуз.

Алар мени тепкилеп жатышканда, бир убакта мени өлтүрүп кетишет деп ойлоп коркуп кеттим. Мен алардын тепкисинде жатып «балдар, болду» деп аяп коюуну өтүндүм. Бирок алар мени дагы көпкө токмоктошту.

Азыр өзүмдү ошондогу алсыздыгым үчүн жемелеп жатам! Андан көрө мени өлтүрүүгө буйрук берсеңиз болмок! Менде билим бар экенин жана мен дагы да билим алаарымды эстен чыгарбаңыз! Мен силер уурдаган ар бир тыйынды табам, бардык кылмыштарыңардын бетин ачам! Өмүрүмдү ушуга арнайм!

АЗЫР СИЛЕРДЕН КОРКПОЙМ! ӨЛҮМГӨ ДА ДАЯРМЫН, АНТКЕНИ МЕНИН КЫРГЫЗСТАНДАН БАШКА МЕКЕНИМ ЖОК!