Белгисиз адамдар Factchek.kgнин башкы редакторун сабап кетишти

Factchek.kg сайтынын редакциясы бүгүн белгисиз үч адам басылманын башкы редактору Болот Темировго кол салып, сабап кетишкенин билдирди. Кол салуу түшкө чукул редакциянын кеңсесинин жанында болгон. Алар Темировдун чөнтөк телефонун тартып алышкан.

Темировго милиция жана тез жардам чакыртылган. Милиция кол салгандар изделип баштаганын билдирди.

«Фактчектин» редакциясы кол салууну журналисттин кесиптик ишмердигине байланыштырууда. Темировдун кесиптештеринин айтымында, журналистти кечээ күнү чымыр денелүү адамдар издешкен.

Темировго кол салууга байланыштуу окуяга президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалаиева комментарий берди.

«Абдан өкүнүчтүү. Ар бир жаранды, анын ишмердиги кандай гана болбосун жол берилгис. Тилекке каршы, мен азыр окуяны толук билбейм, бирок укук коргоо органдары ыкчам аракет көрүп, арам ойлууларды табат деп үмүттөнөм. Биз милициядан окуяны иликтөө кандай жүрүп атканын сурайбыз», — деди Стамалиева.

Factchek.kg — факттарды текшерүүнүн үстүндө иш алып барган сайт. Factchek.kgнин журналисттери фейк аккаунттардын жүзүн ачып, саясатчылар менен ишмерлердин сүрөттөрүнүн чын-төгүнүн (мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Азаттык» жана «Клооптун» коррупцияга каршы иликтөөсүндө фигурант болгон Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн болушу ыктымал сүрөтүн) текшерип, мурдараак «Клооптун» материалында аты аталган башка фигурант Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу аксессуарлары тууралуу жеке иликтөөсүн чыгарышкан.

Уулкан Тургунованын (Матраимовдун жубайынын) «майда-чүйдө» чыгымдары тууралуу иликтөө жарык көргөндөн кийин басылманын сайты DDoS чабуулга кабылган. Factсheck.kg сайтынын иликтөөсүн дагы бир нече ири кыргыз басылмалары да өз сайттарында чыгарып, алар да кибер чабуулга кабылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА: