Болот Темировго кол салуу. Милиция кылмышка шектүү төрт адамды кармады

Бишкек ШИИБи «Фактчек» басылмасынын башкы редактору Болот Темировго кол салууга шектүү төрт адамды кармады. Алардын баары ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар «тоноого» шектелүүдө, бирок аларга ден соолукка залал келтирүү боюнча айып тагылар-тагылбасы белгисиз. ШИИБдин маалыматы боюнча, алардын эң улуусу 1993-жылкы.

«Азыркы учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө бардык жагдайлар такталган соң шектүү адамдардын аракеттерин кошумча квалификациялоо маселеси каралат», — деп билдиришти ШИИБден.

МВД: По факту нападения главного редактора интернет сайта «Factcheck.kg» Болота Темирова задержаны четверо подозреваемых...

Posted by Бакыт Сеитов on Monday, January 13, 2020

«Тоноо болгон эмес»

9-январда белгисиз үч адам «Фактчек» басылмасынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен. Милиция «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон, бирок Темиров өзү тоноо болбогонун айтууда. Анын айтымында, ур-токмоктоо учурунда колунан телефону түшүп калган, андан кийин белгисиз адамдар качып кеткен соң, телефонун таппай калган.

«Адамдар уурдаш үчүн эртең мененки 9дан түшкү 12:30га чейин күтүп отурушпайт. Ур-токмоктоо үнсүз өткөн. “Чөнтөктөрүн кара” же “телефонду алдым, качтык” деген сыяктуу буйруктар болгон эмес. Жанымда ноутбук бар болчу, бирок кол салгандар аны алышкан жок, демек, аларды баалуу нерселер кызыктырган эмес», — деп жазган Темиров.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болот Темиров: Азыр силерден коркпойм!