Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан чыңалды — 9-январдан бери чек ара аймагына жакын жердеги Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда бир нече жаңжал орун алды.

Чыр-чатак эмнеден улам башталганын жана окуя кандай өөрчүгөнүн баяндап беребиз.

9-январь

Кыргызстандын чек ара кызматы 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканын кабарлады. Белгисиз адамдар Тажикстан тараптан эки машинага жана кыргызстандыктын үйүнө таш ыргытып, андан кийин ок чыгарышканы маалымдалган. Ок Көк-Таш айлынын жанындагы Дахма тилкесине карай чыгарылгандыктан, анын тургундары эвакуацияланган. (Кийинчерээк 254 адам коопсуз жайга көчүрүлгөнү кабарланган).

10-январь

Көк-Таш айылында ок атышуу токтоду. Чек арачылар жаңжалды жөнгө сала алышты. Алар чек арадагы абалды «курч элементтери бар салыштырмалуу туруктуу» деп аташкан.

Бирок Тажикстан конфликт кыргызстандыктардын айынан башталды деп билдирген. Тажикстандын УКМКсынын версиясы боюнча, баары тирешүүдөн башталган — Көк-Таш кыргыз айылынын тургундары Тажикстандын Сомониён айлынын жашоочуларын өткөрбөй коюшкан, андан кийин тажикстандыктын машинасына таш ыргытып, исфаралык милиционердин автоунаасын аткылап салышкан.

Кыргыз бийлиги бул маалыматтарды четке какты. Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын УКМКсы «иштин реалдуу абалын бурмалап жатат» деп билдирген. Ал эми кыргыз ТИМи коңшу өлкөнүн элчисине нааразылык нотасын тапшырган.

11-январь

Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери чек арадагы кырдаалды телефондон талкуулашкан. Алар бири-бирине тынчтыкты сактоону, достукту бекемдөөнү, чек араны демаркациялоону жана окуяны иликтөөнү убада кылышкан.

Бул өлкө башчылары демаркация боюнча өткөргөн алгачкы сүйлөшүүсү эмес. Алар бул тууралуу жолукканда да талкуулашкан. Президенттер өткөн жылы алты жолу кезигишип, чек ара чырлары тууралуу сүйлөшүшүп, чара көрүп, маселени чечүүнү убада кылышкан.

Бирок, президенттердин сүйлөшүүлөрүнө карабастан, ошол эле күнү Көк-Таш айылынын жанында кайрадан чыр чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, Көк-Таш айылындагы кыргызстандыктар менен исфаралык тажиктер кайым айтышып кетишкен. Андан соң каймы айтышуу таш ыргытууга айланып, кыргызстандыктын машинасынын айнеги талкаланып, дагы бир Кыргызстандын жаранынын башына таш тийген. Мындан тышкары, бир тажикстандыктын машинасына таш ыргытылган.

Көк-Таш айылы. 11-январь

Кыргыз милициясы бул кагылыштардан кийин Көк-Таштын төрт тургунун кармап, ал эми кармалгандардын айылдаштары буга нааразы болуп Ош — Баткен — Исфана жолун тороп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Ошол эле күнү бийлик тургундарды жолду ачууга көндүрө алган.

Кармалгандар башаламандыктарды уюштурууга катышууга шектелүүдө. Сурак учурунда экөөсүндө тийиштүү документтери жок ок атуучу куралдар табылып, алар тергөө абагына киргизилишкен.

Баткен ОИИБи чек арадагы чырларды «Массалык башаламандык» жана «Бейбаштык» беренелери менен каттоого алган. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

12-январь

Кыргызстандын чек ара кызматы чек арада абал туруктуу экенин кабарлаган. Эки мамлекеттин аскер кызматкерлери чек арага чектеш райондордун кайгуулун камсыздашкан.

Эвакуацияланган жарандар Көк-Таштын мектебинде

Чырдын айынан эвакуацияланган Көк-Таштын тургундарына үйлөрүнө кайтууга уруксат берилген.

13-январь

Парламент имаратынын алдындагы пикет

Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында чырдан улам кармалган баткендиктерди бошотуу талабы менен митинг болуп өткөн. Митингди «Чек ара» уюму уюштурган. Ошондой эле нааразылыкка чыккандар президент Сооронбай Жээнбековдон кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жеке көзөмөлгө алууну суранышкан.

Алар кыргыз бийлиги чек ара маселелерин чечүү боюнча так аракеттерди көрмөйүнчө акцияны уланта беришээрин убадалашты. Митингчилер 15-январда парламенттин алдына кайрадан чогулууну пландап жатышат.

Бул күнү Баткен облустук администрациянын имаратынын алдында да ушундай эле нааразылык акциясы болуп өткөн.

Жумушчу кеңеш

Нааразылык акциясынын жүрүшүндө Тажикстандын президенти Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзоданы кызматынан алган. Ал эми Кыргызстандын президенти чек ара маселесине байланыштуу жумушчу кеңешме өткөргөн: ал чек ара кызматынын, УКМКнын, ТИМдин, Башкы штабдын, ИИМдин жана Башкы прокуратуранын жетекчилери менен жолугушкан.

14-январь

Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт. Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт.

Өткөн 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашуун чыр чыгып, алардын көбүнчөсү эки күн ичинде чечилип, адам өмүрүн алган эмес. Бирок адам өлүмүнө алып келген кагылышуулар да орун алган. Өткөн жылы чек ара чырларынан жок эле дегенде жетиден кем эмес адам каза тапкан.

Автору: «Клооптун» мектебинин студенти Адилет Иманалиев