Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, абал «туруктуу»

Материал саат 20:14те жаңыртылды.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдиргендей, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында мекеменин түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Абал «туруктуу» деп бааланууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, 10-январга караган түнү саат 00:40да Баткен районундагы Ош — Баткен — Исфара унаа жолунан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен өтүп бара жаткан кыргызстандыктын унаасына тажик жарандары таш ыргытып издерин жашырышкан. Унаанын терезелери талкаланы кабарланууда. Болжолдуу бир сааттан кийин ушундай эле окуяга башка кыргызстандыктын «Фольсваген Гольф-4» унаасынын эси туш болгон.

Ал эми түнкү саат 2:40да белгисиз тажикстандыктар Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган кыргызстандыктын үйүнө таш ыргытышкан.

«Кыргызстандын чек арачылары менен милиционерлер жерине бара жатышканда аларды көздөй Тажикстан тараптан мергенчи куралынан ок чыгарылган», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Мекеменин басма сөз кызматы саат таңкы 10:00дор чамасында ок атуу токтотулганын кабарлашты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова чек ара кызматы тараткан маалыматты тастыктады. Анын айтымында окуялар Баткен РИИБ тарабынан катталып, териштирүү амалдары жүрүүдө.

«Түнү менен милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары ошол эле айылда жайгашкан Ш.Ганы атындагы орто мектебинин имаратына көчүрүлүп чыгарылды. Учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган атуулдар жок», — деп маалымдады Юсупова.

Ал кошумчалагандай, Баткен райондук жана шаардык ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтүшүүдө. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Мындан тышкары, тажик тарабка нота тапшырылганы кабарланды.

«Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кезектеги каршылык билдирүү нотасы тапшырылды», — деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Тажик тараптын версиясы

Би-Би-Синин кыргыз кызматы Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттигине таянуу менен коңшу өлкөнүн Чек ара күчтөрүнүн расмий билдирүүсүн жазды. Ага ылайык, биринчи кыргызстандыктар тажикстандын жаранынын унаасына таш ыргытышкан. Андан кийин Тажикстандын жарандары буга жооп кылып кыргыз жаранынын жолдо бараткан унаасына таш ыргытышкан. Тажик тараптын версиясы боюнча окту биринчи Кыргызстандын Көк-Таш айылынын тургундары чыгарышкан.

«Түнкү саат экилерде Көк-Таш айылында кыргыз жарандары абага ок чыгарышып, бирок жериндеги эки тараптын чек арачылары андай чагымчылыкта өз убагында жеринде басышкан. Буга карабастан, саат таңкы төрттөрдө кыргыз тараптан дагы ок чыгарылып, ал Исфара шаарынын милиция кызматкери Фарход Икромзоддун унаасына тийип, бирок бактыга жараша ал өзү аман калган», — деп келтирет Би-Би-Си «Ховар» тараткан маалыматты.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы чыр 16-декабрда такталбаган аймакта тосмо орнотулганына байланыштуу чыккан. Жаңжал эртеси күнү да уланып 18-декабрда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Бул учурда таш ыргытылып, андан кийин ок атылган. Кыргызстан менен Тажикстан ок атуу үчүн жоопкерчиликти бири-бирине оодарышкан. Натыйжада кыргыз тараптан 6 адам жабыркаган — экөөнө ок тийген. Тажикстан тараптан бир нече адам жабыркаганы айтылган.