Өзбекстанда маморгандар Хабибула Абдукадырга байланыштуу базарды текшеришүүдө

«Азаттык» үналгысынын өзбек кызматы «Озодлик» радиосу Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахий» дүң соода базарында текшерүү жүргүзүп атканын кабарлады. Бул базар «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин аткезчилик жөнүндө журналисттик иликтөөсүндө аталган. Кыргызстан аркылуу ташылган аткез товарларынын бир бөлүгү ушул базарга барып түшүп турган.

Ташкендин прокуратурасы дүң базарда тергөө тобу, ошондой эле өзбек Финполунун жана Салык кызматынын кызматкерлери иштеп жатканы тууралуу маалыматты «Озодликке» ырастап берди. Кылмыш иштери козголгон.

Журналисттер базардагы 2014-жылга чейин соода жүгүртүмү тууралуу иш боюнча укук коргоо органдарына сурак берген ишкер айымдар менен байланышкан. Ишкер айымдар тергөөчүлөр алар «Абу Сахий» карго кызматы аркылуу Дубайдан жана Түркиядан товарларды кандай жол менен буйрутушканына кызыгышканын билдирип, алардын аткезчиликке катышкандыгын маалымдашкан.

Абу Сахий жана Абдукадыр

«Абу Сахий» базары «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүндө бир нече жолу аталган.

Кытайлык ишкер жана иликтөөчү журналисттердин маалыматчысы Айэркен Саймаити бул базар 90-жылдардын аягында эле Абдукадырдын долбоору катары иштеп баштаганын айтып берген.

Абдукадыр ага аз убакыт ээлик кылып, көп өтпөй Өзбекстандан чыгып кеткен. Ал кайра кайтып келгенде өзүнүн соода-транспорттук бизнесин ишке киргизип, аны «Абу Сахий» деп атаган. Аны ошол убакта Тимур Тилляев башкарган базарга товарларды жеткирүү үчүн ачкан. Тилляев 2017-жылга чейин базардын ээси болгон.

Саймаитинин айтымында, «Абу Сахий» компаниясынын 600 жүк ташуучу унаасы ар кандай товарлар менен Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном району менен Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүп, Ташкентке, андан ары башка аймактарга жөнөтүлүп турган.

Аткаминерлер бажы аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан ар бир жүк ташуучу унаа үчүн алган паранын өлчөмү 4,6 миң доллардан 5 миң долларга чейин болгон. Эгер анын бир айда 600 жүк ташуучу унаа деген эсебин колдонсок, анда ай сайын түшкөн киреше 3 миллион долларга чейин жеткен.

Жүктүн далай бөлүгү өзбек чек арасына жакын жердеги Кашкар-Кыштак айылындагы кампага түшүрүлүп турган. Андан соң бош машинелер «транзит» деген документтери менен Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Түшүрүлгөн жүктү Кыргызстанда сатууга же Казакстан жана Орусия сыяктуу кирешелүү базарларга жөнөтүүгө жол ачылган. Товарлардын дагы бир бөлүгү «Абу Сахий» базарына калтырылып турган.

Бул схема ЕАЭБ тарабынан каралган жыйымдардан кутулууну мүмкүн кылган.

2018-жылы өзбек ЖМКлары Өзбекстандын мамбюджети 2016-2017-жылдары «Абу Сахий» дүң базарынын кирешесинен 53,5 млн доллар албай калганын, алар чет өлкөгө чыгарылып кеткенин маалымдашкан. Документтерге ылайык, Тилляевден кийин базарды Акмаль Хусаинов аттуу бирөө башкарып калган. Бирок жергиликтүү ЖМКлар базардын чыныгы ээси — чет элдик инвестор, анын ысымы жана менчик формасы ачыкталбай жатат деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы