Оштогу көчөлөрдүн биринде кароосуз калтырылган наристенин апасы табылды

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө 2019-жылдын 29-декабрында түнкү саат 01:30 чамасында эки жашар кыз табылган. Кыздын ата-энеси 3 жума мурун издөө жарыяланган.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» наристенин апасы табылганын билдирди. Ал мындан мурда тун баласын балдар үйүнө таштаганы аныкталды.

«Кыздын энеси Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну болгондугу аныкталды. Анын айтымында, кыздын үйдөн чыгып кеткенин байкабай калышыптыр. [...] Учурда ал кыз Гагарин мектебинин жанындагы балдар үйүнө жайгаштырылган, абалы жакшы», — деди Сыдыков.

Кыздын ата-энесине каршы «коркунучта калтыруу» беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле аларды ата-энелик укугунан ажыратуу үчүн сотко иш өткөнү жатат.