Көчөдөн табылган эки жашар кыздын ата-энесине иш козголду — Ош ШИИБи

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» кароосуз калтырылган кыздын ата-энесине каршы «коркунучта калтыруу» беренеси менен иш козголгонун билдирди.

«Учурда кыздын абалы жакшы. Кадимкидей балдар менен аралашып ойноп жүрөт. Кыздын тили жакшы чыга элек болгондугуна байланыштуу ата-энесин табуу кыйынга туруп атат», — деди Сыдыков.

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө 2019-жылдын 29-декабрында түнкү саат 01:30 чамасында эки жашар кыз табылган. Кыздын жалгыз жүргөндүгүн аталган көчөнүн тургундары тез жардам кызматына кабарлашкан. Биринчи медициналык кароодон кийин наристе балдар үйүнө жайгаштырылган. Ал эми милиция анын ата-энесине бир жума мурун издөө салган.