Сузакта аял эки баласы менен көмүр исине ууланып каза тапты

Сүрөт: 7 канал

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 33 жаштагы аял эки баласы менен ис газына ууланып каза болду. Окуя Кызыл-Сеңир айылында 20-январга караган түнү катталган. Балдардын бирөө 7 жашта, экинчиси 5 жашта болгон.

Маркумдун жолдошу Оруссияда эмгек миграцияда иштегендиктен жубайына телефон чалган. Ал эки күн телефон чалууга жооп берген эмес. Ошондо кошуналарынан үй-бүлөсүнөн кабар алууну суранган.

Райондун акими Эрмекбай Омошев айыл өкмөт тарабынан маркумдун туугандарына 10 миң сом материалдык жардам берилгенин билдирди.

«Моорусунан түтүн чыкпай, түтүн [үйдүн] ичине кирген. Окуя болгон үйгө биринчи коңшулары барып кабар алышкан. Ал эми үйдүн эшигин органдар менен биргеликте ачышкан», — деди Омошев.

Буга чейин 2018-жылдын март айында көмүрдүн исине ууланып ата-бала каза тапкан.