Сүрөт: Азаттык

Ош облусунун Араван районунун борборундагы маданият үйүндө 20-январда эрежесиз уруш боюнча мелдеши өттү. Аны жергиликтүү «Кабылан» спорт клубу уюштурган.

Мелдеш өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөн. Райондун акими Курбанбек Айтибаевдин айтымында, мелдеш жаштар арасында «ынтымакты бекемдөө» үчүн уюштурулган.

Бишкектин Опера жана балет театрында бир жыл мурун «Дота 2» онлайн оюну боюнча Кыргызстандагы алгачкы турнир болуп өткөн. Иш-чаранын театрда уюштурулганы маданият министри Азамат Жаманкуловго жакпай калып, ал «мындай нерселерге тыюу салаарын» билдирген.