25-январда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында массалык ат-спорт оюндары өткөн. Оюндардын арасында аламан улак боюнча чоң мелдеш да өттү. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 1000ге жакын улакчы катышкан.

ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, бул мелдеш Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү Каныбек Акаевдин үч уулунун сүннөткө отургузуу тоюнун бир бөлүгү болгон. Анда Бишкектеги бир бөлмөлүү батир, бир лимузин, Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү төрт автоунаа, тогуз төө, 20 жылкы жана акчалай сыйлыктар байгеге коюлган.

Мындан бир күн мурда, тагыраагы 24-январда иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү өтүп, ага депутут Искендер Матраимов, анын иниси жана бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, депутат жана президенттин кудасы Алиярбек Абжалиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Ош шаардык кеңешинин спикери Жапарбек Ормонов, ошондой эле, 2019-жылы Фуркат айылында спортчуга ок аткан Ош мэриясынын спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев келген.

Каныбек Акаев — Кара-Суу районунда туулган жеке ишкер. Ал Кара-Суу районундагы ташты кайра иштетүүчү заводдун ээси.

Аламан улак — бул улуттук кыргыз оюну. Ал көк бөрү оюнуна окшош, бирок анда ар бир улакчы өзү үчүн ойнойт. Анда ортого ташталган улакты алып, белгилүү бир жерге таштаган оюнчу байгеге ээ болот.

Сүрөт: Зафер Динчер