Ош мэриясынын аткаминери спортчуну тапанча менен атты — ЖМК

«Турмуш» басылмасы өз булактарына таянып Кара-Суу районунун Фуркат айылында эки спортчунун ортосунда 21-сентябрда жаңжал чыкканын жазып чыкты. Чыр-чатактын жүрүшүндө алардын бирөө октон жаракат алып, Ош облустук ооруканага жеткирилгени маалымдалат.

«Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү К.С. аттуу жаран Р.Т. аттуу спортчунун бутуна ок аткан», — деп жазат басылма.

Кийинчерээк «Азаттык» үналгысынын журналисти Ыдырыс Исаков фейсбук баракчасында «ЭРЕМ» спорт клубунун балдары атышкандыгын жазып, алардын аты-жөнүн ачыктады. Исаков ооруканага жеткирилген Төлөгөн Рахманберди уулун санына Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев атканын өз булактарына таянып билдирди.

«Саркарбаев окуя болгон жерден качып кеткен», — деп кабарлады Исаков.

Ош облустук оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Маматалиев «Клооптун» журналисттине Төлөгөн Рахманберди уулу ооруканага жаткырылганын тастыктады. Анын абалы «орто» деп бааланууда.

«Ал ооруканага оор абалда жеткирилген. Биз оң жоон санына октон жарадар болгон деген диагноз койдук. Мындай жаракатта кан көп кетет. Келген күнү эле жардам көрсөткөнбүз, бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн травматологияга которулду», — деди Маматалиев.

Ош облусук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева чыр-чатак болгонун тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, Кылыч Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун унаасы менен кысып токтотуп, пикир келишпестиктен кийин курал менен атып жиберген.

«Натыйжада Рахманберди уулу Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», — деп жазылган пресс-релизде.

Бирок Абдуллаева Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп-болбогону боюнча маалымат берген жок. Ал аталган факт тергөөнүн жүрүшүндө билинээрин кошумчалады.

Иш «Саламаттыкка оор залал келтирүү» беренеси боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» ведомствонун окуя тууралуу кабары жоктугун жана ЖМКларда жарыяланган маалымат такталаарын билдирди.

Материал жарык көрөөр алдында жаңжалга катыштыгы бар делген шаардык спорт комитетинин башчысы Саркарбаев комментарийлерге жеткиликсиз болду.