Cүрөт:  Хамидулло Узаков

Ош облусунун Өзгөн шаарында эки жыл мурун жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулган, бирок ал расмий кабыл алына элек. Буга өтмөктү курууда курулуш нормалары сакталбаганы себеп. Тургундардын айтымында, бул катачылыктар жоюлган күндө да жергиликтүүлөрдүн өтмөктү пайдаланышы күмөн.

Өзгөн шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мүлктү башкаруу департаментинин адиси Хусанбай Тешебаев «Клоопко» өтмөктүн тепкичтери ыңгайсыз, ал эми бийиктиги талапка туура келбесин айтты.

«Тепкичтин бийиктиги 15 см болуш керек, кээ бирлери 17 см болуп калыптыр. Долбоор боюнча өтмөктүн бийиктиги 8,50 метр болуусу керек, бирок 7,90 метр болуп калган. Себеби телекомдун [телефон] кабелдерин жылдыруу өтө көп каражатты талап кылат. Ошондой эле жер шартына байланыштуу пандустун (түртмө араба чыгуучу бөлүк) бийиктиги 18 градустан жогору болуп кеткен. Норма боюнча 18 градустан төмөн болуш керек экен», — деп түшүндүрдү Тешебаев.

Мамлекеттик экотехинспекциянын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча башчысы Султанбек Байымбетовдун айтымында, өтмөктүн тепкичтери бийик курулуп калгандыктан базарга келгендерге азык-түлүктөрдү жол аркылуу алып өтүү ыңгайлуу.

«Өтмөктү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча [курулуш компанияга] эскертүүнү курулгандан баштап эле жазып келе жатабыз. Андан башка эч нерсе кылганыбыз жок, акыркы жолу [эскертүү] жазганыбызга 2 айдын жүзү болду. Азыр жооп күтүп жатабыз, дагы да аткарылбаса [“Ийгиликке ак жол” ЖЧКсын] сотко беребиз», — деди Байымбетов.

Ал эми Өзгөн шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Анарбаевдин айтымында, мекеме өтмөктү куруу боюнча архитектуралык пландоо иштерин түзүп берген, бирок кемчиликтерди оңдоо үчүн жооптуу эмес.

«Курулуш өзүн-өзү актабайт»

Өзгөн шаарынын мэриясы 2017-жылдын август айында өтмөктү курууга тендер жарыялаган. Ал тендерди «Ийгиликке ак жол» ЖЧКсы утуп, кызматын 3 миллион 200 миңден ашуун сомго баалаган. Өтмөктүн бейрасмий ачылышы 2018-жылдын аягында өткөн.

Жер үстүндөгү өтмөк борбордук базардын жанына курулган. Мындай жол менен бийлик өкүлдөрү жолдун ортосунан кесип өткөндөрдүн санын азайтып, тыгындарды алдын алгысы келген. Жөө жүргүнчүлөрдү өтмөккө көндүрүү үчүн жолдун эки тарабы тең темир тосмо менен курчалган. Бирок тургундардын айтымында, өтмөк курулуштагы кемчиликтеринен улам «ыңгайсыз».

«Өтмөктүн тепкичтери бийик жана тар болгондугуна байланыштуу, өтмөктөн карылар тургай жаштар деле өтө алышпайт. Учурда кимдир бирөө атайлаппы же кокусунанбы тосмодо сүзүлгөн бир метрдей жер бар. Жүргүнчүлөрдүн баардыгы эле ошол жерден өтөбүз», — дейт шаардыктардын бири Айбек Калыбеков.

Башка бир тургундун айтымында, өтмөктү көп адамдар пайдаланбай келет. «Өтмөк шаардын так ортосунда болгону менен көп адамдар аны колдонбойт. Мындайча айтканда, ыңгайсыз да, өтө ыңгайсыз», — деди ал.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын адиси Хусанбай Тешебаев да өтмөктөн адамдар каттабай жатканын ырастап, курулуш өзүн-өзү актабады деген пикирди айтты.

«Азыр көпүрө менен көпчүлүк эл каттап чыкпай жатат, эгерде элге жакса чыгат эле. [...] 3 жыл болгон [өтмөктүн курулушуна], 2 жыл мурун бүтүп, пайдалаанууга берилиши керек эле. Ал жер өзүн-өзү актабайт. Жүк көтөргөн киши базардан чыгып, анын үстүнө чыгып-түшкөнгө көңүлү келбейт. Жолдун аркы бетине өтүш үчүн башка жолун издейт», — дейт Тешебаев.

Курулуш компанияга карата иш козголду

Өзгөн шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкаруу департаментинин башкы бухгалтери Нурсултан Жолдошов «Клоопко» билдиргендей, ал өтмөк боюнча 2018-жылдын февраль айында Ош облусттук прокуратура тарабынан иш козголуп, Каржы полициясына өткөрүлгөн.

«Учурда эмне болгондугу тууралуу Каржы полициясы бизге маалымат бере элек. [...] Каржы полициясы тергөө иштерин бүтүрсө сотко өткөрүлүп берилет. Эгерде аткаруучулар каталык кетирген болсо жоопко тартылуусу керек», — деди Жолдошов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур Өзгөндөгү өтмөк боюнча 2018-жылы «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Шалаакылык» беренелери менен иш козголгонун тастыктады.

«2018-жылдын май айында өтмөк боюнча соттук-курулуш экспертиза дайындалган. Биз аларга [мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына] экспертизаны тездеттүү эскертүүсүн бир нече жолу жөнөткөнбүз. Алар жумуштун көптүгүнө байланыштуу тездете албаганын билдиришкен. [...] Алар тергөөгө экспертиза качан жасалаары тууралуу кабар беришет. Экспертизадан өткөрүү кезегине орто эсеп менен эки жыл кетет», — деди Пискур.

Материал жарык көрөөр алдында «Ийгиликке ак жол» компаниясынын өкүлүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Кара-Суулуктарды түйшөлткөн жер астындагы өтмөк

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Туратали» базарынын алдында жер астындагы өтмөк курулуп, ал бир жыл кечигүү менен өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Курулушка жалпы 32 млн сом жумшалган. Алгач өтмөк аркылуу каттаган соодагерлер менен базарга келген кардарлардын саны аз болгондуктан жол темир тосмолор менен тосулган.

Кийинчерээк жергиликтүү ишкерлер менен тургундар тосмону алып салуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар да жер астындагы өтмөк жолду кесип өтүүгө «ыңгайсыз» болгонун айтып, өзгөчө карыялар кыйналып жатканын билдиришкен.

Аталган өтмөктүн курулушунда да кемчиликтер кеткенин экотехинспекция маалымдаган. Бул боюнча ишти да каржы полициясы иликтеп жатат.

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.