Кара-Сууда соодагерлер базардагы темир тосмолорду алып салууну талап кылышууда

Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын соодагерлери жана жергиликтүү тургундар 5-декабрда базардагы тосмолорго нааразычылык билдирип акцияга чыгышты. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, акцияга 200дөй адам чогулган. Алар базардын негизги жолуна орнотулган тосмону алып салууну талап кылышкан. Бул тосмолор соодагерлер менен кардарлар унаа жолдон баспай, жер асты өтмөгүн пайдаланышы үчүн коюлган.

«Суукта отурабыз, ажатканага бара албайбыз. Подземка [жер астындагы өтмөк] менен өтүш керек. Банкка келиш үчүн дагы ошол жер менен өтүш керек. Биз [жакын] жакта эле соода кылсак, айланып өтүшүбүз керекпи? Бул жер эмне, камакканабы?», — деди нааразы болгон соодагерлердин бири.

Акциянын жүрүшүндө базарга алып барчу жол бетон тосмолор менен тосулган. Жол соодагерлердин астына Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев чыккандан кийин гана ачылган.

Тургунбаев «Клоопко» билдиргендей, жергиликтүү тургундар жана соодагерлер жаңы өтмөк салынганына карабастан, унаа жолдон өткөндү токтотпой келишет.

«Менин түшүнүгүм боюнча ошол жерде турган таксисттер [нараазычылык акциясын] башташты. Мен барган учурда бетон тосмолорду бузуп, оодарышып, жолду тосуп салышыптыр. Ким кылды деп ошол жерде турган 50-60 адамдан сурасам, эч ким мойнуна албады. Азырынча 3 эшикти ачып турдук», — деди айыл өкмөт башчы.

Чуу жараткан өтмөк

Кара-Суу районундагы жер асты өтмөгүнүн курулушу 2018-жылдын апрелинде башталып соңунда пайдаланууга берилиши керек эле. Бирок өтмөктүн ачылышы бир жыл кечигүү менен 2019-жылдын ноябрь айында гана өткөн.

Өтмөктүн жалпы узундугу 22 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Өтмөктү курганга тендерди 28 миллион сом сунуштаган «СуТранспромжилстрой» курулуш компаниясы утуп алган. Бирок кошумча иштер менен курулуш баасы 32 миллион сомго жеткен.

Өтмөктү куруу иштери башталгандан тарта бир канча көйгөй жаралган. Анын курулуш иштери убагында бутпөй суук түшкөндө өтмөктүн шыбынан, тепкичтеринен жамгырдын суусу кирип, жаңы курулушту жараксыз абалга келтирүү коркунучу жаралган.

2019-жылдын январь айында экотехинспекция жаңы оңдолгон өтмөк жараксыз абалга кептелип баратканын байкап, финпол курулуштун сапатын иликтей баштаган.