Ошто индиялык студентти сабоого шектелип эки киши кармалды

Сүрөт: Акипресс

Ош шаардык милициясы ОшМУда окуган индиялык студентти сабоого шектеп эки кишини кармады.

Милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков 28-январда «Клоопко» билдиргендей, шектүүлөргө карата «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«[Шектүүлөр жабырлануучуга] тамеки алып келүүсүн талап кылып, ээнбаштык жасап сабашкан. [...] Учурда жабырлануучунун абалы жакшы. Оорукана жаткырган эмес», — деди Сыдыков.

Сыдыков 48 саатын ичинде сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карай турганын кошумчалады.

Ал эми ОшМУнун басма сөз кызматы бул окуя тууралуу аларда маалыматы жоктугун айтышты.

Ош мамлекеттик университетинде эки миңден ашуун чет өлкөлүк студент окуйт, көпчүлүгү медициналык багытта билим алышат.