Кыргыз тили ЖРТ тапшырууда милдеттүү сабак болбой калды

Билим берүү министрлиги кабарлагандай, «Кыргыз тили жана адабият» сабактары бардык бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестти (ЖРТ) тапшырууда милдеттүү сынак болбой калды. Бирок ал негизги тестке 2020-жылы киргизилиши керек болчу.

«Негизги тесттин структурасына жакынкы үч жылда өзгөртүү киргизилбейт. Бирок 2020-жылдан тарта филологиялык адистиктер жана журналистика бөлүмү үчүн кошумча эки предметтик тест киргизилип жатат: кыргыз тили жана адабият, орус тили жана адабият», — деди Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Кадыркулов.

Негизги тест бардык ЖРТ катышуучулары үчүн милдеттүү. Гранттык билим берүүгө аттанып аткан мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдо тандаган адистигине ылайык келген жок дегенде бир предметтик тест тапшырышы керек. Предметтик тесттер англис тили, тарых, химия, биология, математика жана физика боюнча өткөрүлөт.

Ошондой эле контракттык негизде окууга аттанып аткан окуучулар үчүн предметтик тест университетте орунга илинүү үчүн күрөшүүдө артыкчылык берет.

Билим берүү министрлиги «Кыргыз тили жана адабият» сабактарын ЖРТнын негизги бөлүгүнө киргизүү жана тестти толугу менен кыргыз тилине которуу тууралуу маселесин бир нече жолу көтөрүп келген. Кыргыз тилин ЖРТга милдеттүү кылып киргизүү мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын бир бөлүгү болчу.

ЖРТ 2012-жылдан тарта Кыргызстандын бардык ЖОЖдоруна тапшырууда милдеттүү болуп калган. Тесттин жыйынтыгы боюнча алынган баллдардын санынан абитуриент кайсыл университетте окууну уланата алаары көз каранды.

Мамлекет жыл сайын жогору балл алган студенттер үчүн 5 миң 705 бюджеттик орун берет.