Масанчидеги жаңжалдан кийин Казакстандан Кыргызстанга 24 миң адам өткөн

Сүрөт: Алмир Алмамбетов

Кордайдагы башаламандыктардан кийин 24 миңге чукул адам Казакстандан Кыргызстанга өткөн. Бул тууралуу 10-февралда Казакстандын мурдагы вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев билдирген.

«Бүгүн эрте менен “Аухатты”, “Карасу” өткөрүүчү пункттарында болдук. Өтүүдө эч кандай чектөөлөр жок. Азыркы учурда аркы тарапка (Кыргызстанды көздөй), маалыматтарга таянсак, 24 миң адам өткөн. Кечээ күндөн тарта аксакалдар, аял кишилер жана жаштар кайтып башташты», — деп маалымдады Бердибек Сапарбаев.

Ошондой эле казак басылмаларынын маалыматына ылайык, Сапарбаев жаңжал басылгандан кийин Казакстанга сегиз миң жаран кайтып барганын маалымдаган.

«Кечээки күндөн тарта бардык бала бакча менен мектептер мурдагыдай тартипте иштеп жатат. Соода түйүндөрү иштеп жатат», — деп билдирген Сапарбаев өкмөттүн жыйынында.

Анын ичинде чырдан кийин кыргыз ооруканаларында медицинаык жардам алып жаткан казакстандыктардын көпчүлүк бөлүгү кайтып барган. Кыргызстандан аларды Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров башында турган делегация Кыргызстанга келип алып кеткен.

«9-февралга карата маалымат боюнча, Чүй жана Бишкектин медициналык жайларында 13 адам болгон. Алардын дээрлик бардыгы чыгып, Казакстанда дарыланууну улантып жатышат. 10-февралга карата, бир адам Токмоктун ооруканасында дарыланып жатат. Бейтаптар ар кандай жаракаттар менен келишкен: ок тийип жарадар болгондор, баш мээси чайкалгандар жана башкалар», — деп билдиришти мекемеден.

Сапарбаев — көбүнесе дунган калкы жашаган айылдарда орун алган Жамбыл облусунун жаңы акими. Ага чейинки аким, Аскар Мырзахметовду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кызматынан алган. Айылдардагы ызы-чуу Мырзахметовдун тушунда болгон.

Кечээ, 10-февралда Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге колдоо сөздөрүн билдирген.

Жээнбеков кыргыз элинин атынан жаңжалдын шартында каза тапкандарын жакындары менен бир туугандарына көңүл айткан. Жаңжал чыккан күнү сегиз адам, кийинчерээк ооруканада дагы эки адам каза тапкан. Мындан тышкары, Жээнбеков жабыркагандарга тез сакайып кетүүнү каалаган.

Президент белгилеп өткөндөй, тарыхта Кыргызстан казак бир туугандарга оор мезгилдерде жардам көрсөтүп келген жана мындан ары да жардам көрсөтүүнү уланта бермекчи.

Масанчидеги жаңжал

7-февралдан 8-февралга караган түнү калкынын көбүн дунгандар түзгөн чек арага чектеш казак айылдарында жүздөгөн адамдар коопсуздук жана медициналык жардам издеп Кыргызстанга качууга аргасыз болушкан. Кыргызстанга негизинен аялдар, балдар жана кары адамдар өтүшкөн.

Жаңжал Масанчи айылында башталып, кийин дагы үч айылга өтүп кеткен. Жаңжалдын чыгышына «жол талашуу» себеп болгонун айтылууда. Минимум сегиз адам каза таап, ондогон адам ок атуучу куралдан жарадар болуп, көптөгөн имараттар өрттөнгөн. Каза болгондорду жерге берүү жана жоготууларды эсептөө үчүн комиссия түзүлгөн.