Масанчиде жабыркагандар Кыргызстандын ооруканаларынан Алматага которулду

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, Масанчи айылындагы жаңжалдан жабыр тарткан казакстандыктар Алматага которулду.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин вице-министри Камалжан Надыров башында турган казак делегациясы Кыргызстанга келип, казакстандыктарды кыргыз ооруканалардан алып кетишкен.

«Алар Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен биргеликте, саламаттык сактоонун Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы уюмдарында стационардык дарыланууда жаткан Казакстандын жарандарына барып, алардын ал-абалдары менен таанышып келишти», — деп билдиришти ведомстводон.

Кыргызстанда беш казакстандык калды — алар Токмок жана Ивановканын ооруканаларында дарыланууну улантышууда жана аларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

8-февралдан 9-февралга чейин жалпысынан 34 адам медициналык жардам сурап кайрылган — 21 казакстандык амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн, дагы 13ү стационардык дарыланууда.

Масанчидеги жаңжал

7-февралдан 8-февралга караган түнү калкынын көбүн дунгандар түзгөн чек арага чектеш казак айылдарында жүздөгөн адамдар коопсуздук жана медициналык жардам издеп Кыргызстанга качууга аргасыз болушкан. Кыргызстанга негизинен аялдар, балдар жана кары адамдар өтүшкөн. Алардын бир бөлүгү кайра кайтышкан.

Жаңжал Масанчи айылында башталып, кийин дагы үч айылга өтүп кеткен. Жаңжалдын чыгышына «жол талашуу» себеп болгонун айтылууда. Минимум сегиз адам каза таап, ондогон адам ок атуучу куралдан жарадар болуп, көптөгөн имараттар өрттөнгөн. Каза болгондорду жерге берүү жана жоготууларды эсептөө үчүн комиссия түзүлгөн.