Москва шаардык соту 11-февралда теги кыргызстандык Нурлан Муратовго карата өкүм чыгарды. Ал 2018-жылы сентябрда «Курская» метро бекетинде полиция кызматкерин өлтүргөн делип 18 жылга катаал тартиптеги абакка кесилди.
Мындан тышкары, сот чечими менен Муратов маркумдун үй-бүлөсүнө 500 миң рубль өлчөмүндө моралдык зыян үчүн кун төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Муратовдун жактоочусу Алексей Толстых билдиргендей, сегиз сот арачысынын ичинен жетөөсү Муратовду күнөөлүү деп табуу үчүн добуш беришкен, бирөөсү — каршы добуш берип, айыпталуучу «кечирилүүгө татыктуу» деп билдирди.
Соттун өкүмү прокурордун талаптары менен шайкеш болуп чыкты.
«Муратов <...> полиция кызматкеринин коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча мыйзамдуу ишмердигине жолтоо кылуу максатында укук коргоо органдын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу боюнча күнөөлүү деп табылды. (Кылмыш-Жаза кодексинин 317 беренеси)», — деп билдиришти Москва шаардык сотунун басма сөз кызматынан.
Буга чейин Муратовдун адвокаты ТИЗОдо коргоп аткан адамына коңшу камерада туугандары отурганы айтылып кысымга алынганын билдирген. Туугандарын эгер Муратов күнөөнү мойнуна албаса камакка алыбыз деп коркутушкан.
«Медиазонанын» маалыматына ылайык, Муратовго карата кысым сотто талкууланган, бирок бул сот арачылары келгенге чейин болгон. Судья сот арачыларынын көзүнчө айыпталуучуга болгон кысымды талкуулоого тыюу салган.
Полиция кызматкерин өлтүрүү
2018-жылдын 3-сентябрына караган түнү Москванын «Курская» метро бекетинде 23 жаштагы полиция кызматкери Андрей Райский октон каза тапкан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол түнү Райский метродон документтерин текшерүү үчүн Муратовду токтоткон. Андан кийин полиция кызматкери аны ажаатканага алып барган. Тергөө, ал жерден Муратов укук коргоо орган кызматкерин тапанча менен аткан деп эсептейт.
3-сентябрда Mash, ошондой эле, «Московский комсомолец (МК)» басылмасы Нурлан Муратов деген шектүү жарандын ысымын жазып чыгышкан.
Ал эми шектүү адам өзү полиция кызматкери аны ажаатканага чакырып, ошол жактан өзүнө ок атканы жөнүндө айтып берген. Муратов тапанчанын үнүнөн коркуп кетип, окуя болгон жерден кетип калганын айтууда.
Орусия ЖМКлары Муратов кыргыз армиясында кызмат өтөгөн жана 1999-жылы Баткен облусунда Өзбекстандын Ислам кыймылынын аскерлери менен болгон коогалаңга катышкан деген маалыматтарды таратышкан. Басылмалар ошондон кийин ал «психологиялык жактан» жабыркаган деп божомолдошкон. «МК» гезити 2010-жылы Муратов орус жарандыгын алып, Оренбургда жашап жүрүп, андан соң Москвага көчүп келген деп жазган.
Кыргызстандын Башкы штабынан Муратов чынында эле Баткен окуяларында катышып же катышпаганын тастыктап бере алган жок.