«Клооптун» журналисттери иштеген материалдар Улан Эгизбаев атындагы жыл сайын өткөрүлүүчү II- журналисттик иликтөөлөр конкурсунда биринчи жана экинчи орундарды алды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 12-февралда Бишкекте өттү. Эгизбаев атындагы конкурс — журналисттик иликтөөлөргө гана арналган Кыргызстандагы жападан-жалгыз конкурс.

Биринчи орунга бул жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин биргелешип жасаган кыргыз бажысындагы аткезчилик жана өлкөдөн чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөсү татыган.

Экинчи орунду «Клооп» менен OCCRPнин «Элдин жери менчик колдо» иликтөөсү жеңген.

Үчүнчү орунду «Фактчек» басылмасынын бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын майда-чүйдө чыгамдары тууралуу материалы жеңген. Ушул эле үй-бүлө биринчи орунду алган иликтөөдө фигурант болгон.

Биринчи орун үчүн сыйлыктын өлчөмү 100 миң сомду түздү — бул болсо Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» менен «Клооптон» бажыдагы коррупция жөнүндө иликтөөнүн чыгышы үчүн талап кылып жаткан кундун жалпы суммасынын 0,22 пайызы.

Матраимовдордун арызы боюнча ЖМКларга каршы сот процесси 2019-жылдын декабарынан тарта болуп жатат. Эгер басылмалар соттон утулуп, доо талаптын суммасы өзгөрүүсүз кала турган болсо, анда алар кун төлөп бериш үчүн Улан Эгизбаев атындагы дагы 449 сыйлыкты утушу керек болот.