Солдо Искендер Матраимов, ортодо иниси Райымбек. Кара-Суудагы спорттук турнир.

Өткөн дем алыш күндөрү ондогон адам бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын айланасындагылар менен үй-бүлөсүнүн кысымына арызданып чыкты. Матраимовдор — өлкөнүн түштүгүндө эң таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп эсептелет — анын үй-бүлө мүчөлөрү Карай-Суу районунун акиминен баштап, парламенттин депутатына чейинки саясий жана аткаминерлик кызматтарды аркалашат.

Балдакчан эрежесиз уруш мушкери

14-февралда спорттун эрежесиз уруш түрү боюнча мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу Матраимовдун үстүнөн арызданды. Ал видеого жаздырган кайрылуусунда «Ошто адамдар Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калганын» билдирген.

«Биз бүгүн кандай мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнбөй калдык. Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык», — деп билдирген ал.

Мындан тышкары, спортчу Ош мэриясынын Спорт жана дене тарбия комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны «өткөн жылы сентябрда тапанча менен бутка атып, арыз жазсаң өлтүрөбүз деп коркутканын» тастыктаган. Ош мэриясынын аткаминери бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ээлик кылган EREM спорт клубунда машыгып жүргөнү айтылып келет.

Спортчуну айылдаштары колдоп чыгышты

Эртеси күнү, 15-февралда, Алай районун Арпа-Тектир айлынын тургундары да Рахманберди уулун колдоп, президентке кайрылуу жасап видео чыгарышкан.

«Биз инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Райым Матраимовдун жандоочулары, Кылыч Саркарбаев, Нурбек Райымбеков, Мунар Матраимовдор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканына кабатырланып жатабыз. Сооронбай Шарипович, ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз», — деп кайрылышкан президентке алайлыктар.

Өлтүрөм деп коркутуу

Ошол эле күнү президентке Эмирбек Кимсанов да кайрылган. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси. Ал агасы Эмилбек Райымбек Матраимов тараптан болуп аткан кысымдан улан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Кимсановдун айтымында, агасы «Матраимовдун коррупциялык схемаларына катышпоо үчүн» 2018-жылы эле «өз калоосу менен» кызматынан кеткен. Бирок январда Матраимов Эмилбекке жаңы жумуш сунуштап, ал баш тартып койгондо коркутуп-үркүтүүлөр болуп, жубайын сабап кетишкен.

«Матраимовдор Кыргызстандын мыйзамын кандайдыр бир жолдор менен сатып алганбы же Матраимовдорго мыйзам иштебейби, Кыргызстанды өзү каалагандай калчап, өзбилемдикке салып, мыйзамды өзү каалагандай жазып алган сыяктуу [...] Бир тууган байкем “Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм” деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан ар кандай кысымдар, коркутуулар болуп жатат. Райым “Мага иштебесең сени каматам же өлтүрөм” деген коркутуулар болуп жатат. [...] Ошого байланыштуу байкем аргасыздан сырт жакта жүрөт», — деп билдирген ал.

Матраимовдордун кланы

Матраимовдор өлкөдө бай жана эң эле таасири күчтүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет.

Раймбектин агасы — Искендер Матраимов — парламенттин депутаты. Ал Жогорку Кеңештин Уюшкан кылмыштуулукка жаша коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү. Матраимовдордун дагы бир тууганы — Ислам — көптөн бери финполдо иштеп жүрүп, ал жактан ведомство Матраимовдордун мүлкүн текшере баштагандан кийин кеткен.

Бир тууган Матраимовдордун башка дагы эки иниси — Тилек жана Руслан — Ош облусунда иштешет. Биринчиси бир туугандар туулган Кара-Суу районун башкарат, ал эми экинчиси үй-бүлөлүк «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фондун башкарат.

Ал эми Райымбек Матраимов мурда бажы башчысынын төрага орун басары болгон — учурда ал бизнес кылып жүргөнүн билдирип келет.

«Азаттык» үналгысы 2019-жылы майда Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар жана ага Матраимовдордун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор акчалардын чыгарылышына тиешеси жоктугун билдирип, ал эми финпол журналисттердин жүйөөлөрүн текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

Мынданы тышкары, 2019-жылы күзүндө «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP «Улуу Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген аталышта журналисттик иликтөө чыгарып, кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырдын Кыргызстандагы таасири күчтүү аткаминер Райымбек Матраимов менен байланышы жөнүндө айтып берген.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркин Саймаити — өлкөдөн мыйзамсыз жол менен 700 млн доллардан ашуун акча чыгарып кеткенин мойнуна алып, коррупциялык торчо ошол убакта бажы төрасынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен жөнгө салынганын айтып берген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков менен, негизинен айтканда, ал Матраимов менен «дос» экендиги үчүн араздашып кеткен. Атамбаев бир далай жолу Жээнбековду Матраимов менен байланышы бар деп айыптап, Райымбек Матраимовду Райым миллион деп атаган.