Спортчу аны Ош мэриясынын кызматкери атканын билдирип президентке кайрылды

Материал  жаңыртылып турат.

Эрежесиз уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго 14-февраль күнү кечинде видео кайрылуу жасады. Анда ал Ош шаардык комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны тапанча менен бутуна атканын тастыктап, «Саркарбаев ооруканага Мунарбек Раимбеков менен келип арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айтууда. Анын кайрылуусун Ош бажысынын кызматкери Эмилбек Кимсанов фейсбуктагы баракчасында жарыялаган.

Мунарбек Раимбеков Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы. Анын азыркы фамилиясы Сайпидинов. Ал коомчулуктун эсинде Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтүн иш бөлмөсүндө илип алганы менен эсинде калган.

Ошондой эле Рахманберди уулу «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык, Ошто жашоо кыйын болуп калды» деп билдирген. Мындан тышкары спортчу Кимсанов менен ага «иш козголуп жана каматабыз деп жатышканын кабарлап, буга байланыштуу чара көрүүнү» суранган. Бирок алар кимдер экенин так айткан эмес.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз бүгүн кандай мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнбөй калдык. Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык […] Эми үч-төрт ай өткөндөн кийин ушундай балдакчан өзүм араң жүрсөм Нурбек Раимбеков беш-алты баласы менен келип мени чаап кетишти», — деген Рахманберди уулу кайрылуусунда.

Кимсанов менен «Клооптун» журналисти фейсбук аркылуу байланышканда өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, комментарий кийинчерээк берүүнү убадалады.

Материал жарык көрөөр алдында Саркарбаев, Нурбек Раимбеков, Мунарбек Сайпидинов жана Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кара-Суудагы атышуу

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана ЖМКлар Ош мэриясынын аткаминери Кылыч Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Кийинчерээк Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган. ИИМ  бул ишти териштирүүдө.