Ухандан келген 18 кыргызстандык карантинден ийгиликтүү өттү

Кытайдын Ухань шаарынан кайтып келген Кыргызстандын 18 жараны эки апталык милдеттүү карантинден өттү. Саламаттык сактоо министрлиги алар 15-февралда канааттандыраарлык абалда үйлөрүнө чыгарылганын кабарлады.

«Алардын бардыгы, 2-февралда, аэропортто тийиштүү текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге жайгаштырылган, жаңы коронавирустун белгилери бар-жогуна текшерилишти – анализдин жыйынтыгы таза чыкты. Карантин убагында алар менен медкызматкерлер гана байланышка барып жатышты», — деп белгилешти ведомстводон.

Уханда болуп аткан кыргызстаныктар Бишкекке Нур-Султандан атайын борт менен алынып келинген. Алар ал жакка казак тараптын көмөгү менен келишкен.

Мурдарак Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдан тарта Кытайдан Кыргызстанга 634 адам кайтып келгенин кабарлаган. Алардын ичинен 552 адам үй шартында медициналык кароого алынып, дагы 82си медициналык жайларда карантинге жайгаштырылган.

«Ухандын өзүнөн келгендер обсервацияга жайгаштырылды. Ал 18 адам. КЭРден келгендердин бардыгы бир нече күн температуранын бар жогуна текшерилип жатат. Азыркы күндө коронавируска шектүү адамдар жок», — деп билдиришкен ведомстводон.

Кытайдагы коронавирустун чыгышына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык кызматтын алдында тынымсыз байланыш ачты. Төмөнкү телефон номерлери аркылуу консультация алса болот: 0312323055, 0312323202, 0550033607.

Кытайдагы коронавирус

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары буга чейин белгилүү болбогон «Covid-19» коронавирустун очогу болуп калды. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 1700 адам каза таап, 70 миңден ашуун жуктуруу учуру катталып, 11 миңге чукул адам айыктырылган.

Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын карантинге жаап, шаардагы темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Жаңы вирусту жуктуруп алуу болгон дээрлик бардык учурлар Кытайдын аймагында аныкталган, бирок жуктургандар башка өлкөлөрдө да табылууда: Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Малайзия, Түштүк Корея, Кот-д'Ивуар, Тайвань, Непал, Франция, Финляндия, Германия, АКШ жана Австралия.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДСУ) уюму 31-январда коронавирустун жаңы тиби менен шартталган Кытайдагы пневмониянын чыгышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Балтимордогу Жон Хопкинстин университетинин алдындагы системдик изилдөөлөр жана инжинирингдин борбору коронавирустун жайылышынын дайыма жаңырып туруучу статистикасы бар сервис иштеп чыккан — Wuhan Coronavirus (2019-nCoV) Global Cases (by Johns Hopkins CSSE).

Анда вирус жуктуруп алгандардын жана оорудан көз жумгандардын санын көрсө болот, ошондой эле вирустун өлкөлөр боюнча жайылышынын деңгээлине көз салып турса болот.