«Мончодон кеч келдиң». Ошто унаасы менен аялын сүйрөгөн киши кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун 44 жаштагы тургуну «Турмуш» басылмасына күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганын билдирди. Ал баш мээси чайкалып Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатат. Жабырлануучунун күйөөсү 19-февралда Ош ШИИБи тарабынан кармалып, «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Аялдын айтымында, жолдошу 16-февралда «мончодон эмнеге кеч келдиң» деп унаасы менен сүзүп, андан кийин колунан кармап бир нече метрге чейин сүйрөгөн. Андан кийин күйөөсү окуя болгон жерден унаасын айдап кетип калган.

«Үйгө барганда денем ооруп баштады. Оң жагым менен унаага сүйрөлгөн элем. Андан мурун унаасы менен сүзгөндө унаанын алдына жатып калгам. Саат 13:00дө мончого барып, саат 18:00дө кайткам. Баламы да жаныма алып алган элем. Дем алыш күн болгондуктан коомдук унаалар азыраак болуп, көп убакыт кичи автобусту күтүп калдым. Үйгө жуунучу жайга чогуу барган курбуларым барып, тез жардам менен ооруканага келдим», — деп түшүндүргөн жабырлануучу.

Аял жолдошу «эмнеге кеч келесиң?» деп суроо салып, андан кийин «алдаба сен башка жакка баргансың» деп айтканын билдирди.

Жабырлануучу күйөөсү менен 25 жылдан бери чогуу жашайт. Алардын төрт кыз, бир уулу бар. Анын айтымында, ал ооруканада эки күндөн бери жатса да күйөөсү келип ал-акыбалын сураган эмес.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов «Клоопко» аталган факт боюнча Кара-Суу районун 48 жаштагы тургуну кармалганын билдирди. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө «Ээнбаштык» беренеси менен катталды. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы каралат. Экпертизанын жыйынтыгы менен берене кайра квалификацияланышы мүмкүн», — деди Тавакалов.

Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында үй-бүлөлүк зомбулукка көбүнчө аялдар кабылышат. 2019-жылы борборго 1084 адам кайрылган, алардын 140ы эркек, калганын аялдар түзгөн.

«Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү узак убакытка чейин кордук көрүп жүрүп, ошону зомбулук деп эсептебей калышкан. Аягында түшүнүп, кордукка чыдабай калганда 4-5 баласын таштап, же алып чыгып кетип калышат. Алар физикалык, психологиялык зомбулукка кабылышат», — деди Асилбекова.

Ал зомбулукка көбүнчө 20 жаштан 45 жашка чейинки аялдар кабылышаарын айтат.

Ошондой эле көпчүлүк учурда аялдар чыр чыгарбашка аракет кылып, балдарын карап, үй-бүлөнү сактоого далаалат кылышаарын айтат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен катталган.