Жаңы Кызыл-Суу айылында №68 «Октябрдын 70 жылдыгы» атындагы орто мектеби. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Жаңы Кызыл-Суу айылында №63 «Октябрдын 70 жылдыгы» атындагы орто мектебинин беш жыл мурун башталган жаңы имаратынын курулушу токтоп турат.

Тендердин шарттарына ылайык, мектептин мурдагы имараты сүрдүрүлүп, анын ордуна 275 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп 2017-жылга даяр болушу керек эле. Бирок эски мектептин бир тарабында жайгашкан спорттук аянтчасы гана сүрдүрүлүп, экинчи тарабы окуу үчүн убактылуу жай болуп калмай болгон.

Тендерди уткан «ХРСУ» ЖЧКсы курулуш иштерин 2015-жылдын 5-октябрында баштаган. Азыр жаңы имараттын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган бойдон турат. Тилекке каршы курулуш иштери 3 жылдан бери ордунан жылбай келет, мындан улам салынып жаткан жаңы имараттын кыштары урай баштаган.

Коридордо тамактанган окуучулар

Учурда мектепте 300гө жакын окуучу үч айылдан келип, үч нөөмөттө билим алышат. Окуу бөлмөлөрү жетишпегендиктен балдар мектептин ашканасында да сабак өтүшөт, ал эми мектептин коридорунда алар тамактанышат.

Үчүнчү нөөмөттө окуган окуучулар сабактан кеч кайтып, үйлөрү алыс болгондору болсо, айрыкча кыш мезгилинде, кыйналгандарын айтышат. Андан сырткары мектеп кышында жакшы жылыбайт дешет мектеп окуучалары.

Гүлзат Орунбаеванын бул мектепте үч баласы окуйт. Ал балдары шарты начар мектепте кыйналып окуп жаткандыгын көрүп, зээни кейигенин айтат.

«Бир окуу бөлмөсүнөн-башка окуу бөлмөсүнө көчүп окушат, кесиптик класстар жок. Шарты аябай начар. Мектеп эски болгондуктан жамгыр жааганда чатырынан суу өтөт. Мектептин алдына чакаларга суу куюп коюп койгонбуз. Жол ылай болгондуктан, балдар мектепке буттарын жууп киришет», — дейт ал.

Айылдын дагы бир тургуну Сталбек Ардаев мектеп 1980-жылдары курулганын билдирди. Ал өкмөт балдарды колдоо жылында Жаңы Кызыл-Суу айылында окуган мектеп окуучуларынын коопсуздугуна кайдыгер карабайт деген үмүттө.

Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн

Мектеп директору Замира Кудайбердиеванын айтымында, аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Бирок ал кайрылган тараптардан азыркы күнгө чейин алгылыктуу жооп ала албай келет.

«Курулуш 2017-жылдын 17-декабрында токтоп калган. Биз кызыгып сураганыбызда акча каражаты которулбай жаткандыгынан токтоп калганын курулуш компаниясы билдирген. Маселе Жогорку кеңеште да көтөрүлгөн, ал жака кагаз жана оозеки түрүндө да кайрылганмын, бирок жооп жок», — деп түшүндүрдү Кудайбердиева.

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Туйбаев да кайрылган мамлекеттик органдардан жооп алууга мүмкүн болбой жатканын ырастады «Клоопко».

«Мындан сырткары, коңшу Кара-Дөбө айылындагы мектеп да турат. Бул мектептердин тизмеси курулуш үчүн титулдук баракчага киргендигин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов тастыктаган болчу, билим берүү министрлигине кат жазганыбызда акчанын жоктугун айтышкан. Былтыркы жылдын аягында Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов келип көрүп кеткен, бүтүрүп беребиз, катуу аракет кылабыз деп айткан», — деди Туйбаев.

Өкмөт курулуштун 23 пайызын гана каржылаган

Ал эми мектептин курулушуна жооптуу «ХРСУ» ЖЧКсынын директору Мамаш Асанов «Клоопко» курулуштун токтоп калуусуна өкмөттөн жетиштүү акча каражаты бөлүнүп берилбегендиги себептигин айтат.

«Мектептин курулушу 2015-жылда башталып, компания өз ишин баштаган.

3 млн акча каражаты бөлүнүп, котлован казылган. Андан кийин 10 млн каражат бөлүнүп фундаменти жана дубалы көтөрүлгөн. Ишкана өзүнүн бюджетинен 2,5 млн акча сарптап, имараттын чатырын жабуу аракеттерин баштаганбыз. Бирок каражат каралбагандыктан курулуш иштери токтоп калган», — деп билдирди Асанов.

Андан сырткары, ал курулуш келишими 2015-жылдын 30-сентябрында түзүлүп, курулуштун жалпы баасы 59 млн 754 миң сомго бааланып, анын 23 пайызы гана бөлүнгөн дейт — 14 млн 290 миң сом.

Мектептин курулушу качан жанданаары белгисиз

Ал эми Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өндүрүштүк техникалык бөлүм башчысы Абдуманап Ахматбаевдин айтымында, курулуш кайра жанданышы үчүн титулдук тизмеге кириши керек эле. Ал аталган мектепти тизмеге киргизүү үчүн быйылкы жылга сунуш жиберилген дейт.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мехриниса Жороева «Клоопко» маалымдагандай, учурда район боюнча 9 мектеп курулуу этабында турат. Алардын арасынан курулуш иштери 60%га бүтүп калгандарына басым жасалып бүтүрүү максаты коюлгандыктан, быйылкы жылдын эсебинен бул талапка эки гана мектеп туура келген. Жаңы Кызыл-Суу айылындагы жаңы мектептин курулушуна быйылкы жылы дагы каражат бөлүнүп-бөлүнбөшү белгисиз бойдон калууда.

«Учурда «Октябрдын 70 жылдыгы» атындагы орто мектебинин 55 пайызынын курулушу бүткөндүгү тууралуу маалыматыбыз бар, өкмөт эгер быйылкы жылкы бюджетке киргизсе курулуш иштери башталат», — деп билдирди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Жарандык турак жай департаментинин директору Адилет Абдыкаров.

Дотациядан жарым-жартылай чыгарылган Кара-Суу району

Буга чейин депутат Искендер Матраимов парламенттин отурумунда Ош облусундагы Кара-Суу районунун төрт айыл өкмөтүнө мамлекеттик каржылоо керектелбей турганын айткан.

«Акимиат каржы министрлигине кат жазган. Бирок каржы министрлиги көшөрүп, ошол айылдарга жыл сайын 37 миллион сомдон бөлүп атат. Мына, силерге акча, алгыла дейт экен», — деп билдирген ал.

Анын өтүнүчүнө ылайык, каржы министрлиги райондун Кашкар-Кыштак, Нариман, Шарк жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүн каржылоодон чыгарган.

«Дотациядан чыгарылган айыл өкмөттөр боюнча, аларды каражатты үнөмдөө үчүн мамлекеттик казынага жардам болсун деп чыгарууну сунуштаганбыз. Бул 4 айыл өкмөткө бөлүнө турган акчанын багытын, башка акча каражаты жетишсиз болгон айыл өкмөткө бөлүп өзгөртө албайбыз», — деп түшүндүрдү райондун акиминин орун басары Мехриниса Жороева.

Авторлошу: Байкал Топчубаев

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.