«Эйр Манас» марттан баштап Ош багыты боюнча каттамынан убактылуу баш тартат

«Эйр Манас» авикомпаниясы Бишкек — Ош — Бишкек боюнча каттамынан убактылуу баш тартат. Жарандык авиация агенттинин маалыматына ылайык, мындай чечим «өндүрүштүк муктаждыктан» улам кабыл алынган. Каттамдар 1-марттан тарта токтотулат.

«Токтотулган каттамдарга билет сатып алган жүргүнчүлөр акча каражаттарын толук кайтарып ала алышат», — деп билдиришет агенттиктен. «Эйр Манастан» тышкары Бишкек — Ош багыты боюнча каттамдарды эки компания гана аткарат — Tez Jet жана «Авиа Траффик».

«Эйр Манас» авикомпаниясы өктөн жылы октябрда «техникалык себептерден» улам Ошко карай багытын жокко чыгарган болчу — анда бул компаниянын жападан-жалгыз кеме болуп эсептелген учактын бузулушу менен түшүндүрүлгөн.

Мурда авиакомпаниянын 49% акциясы Pegasus компаниясына таандык болгон, бирок 2019-жылы сентябрда акциялар Британияда катталган AviaTrade Corp. LP компаниясына сатылган болчу.

AviaTrade Corp. LP 2018-жылдын 8-январынан бери иштейт, ал эми негиздөөчүлөрү болуп Александр Беловол жана Сейшел аралдарында катталган Ampersand Group LTD компаниясы эсептелет. Документтерде көрсөтүлгөн Александр Беловол белгилүү украиналык саясатчы жана мурдагы президент Петр Порошенконун үзөңгүлөшүбү же алардын аты-жөнү жөн гана уйкашпы — белгисиз.