Сооронбай Жээнбеков 26-февралда орусиялык «ТАСС» басылмасына маек курду. Анда президент Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп киргенде алган пайдасы тууралуу сөз кылган.
Негизи, «ТАСС» басылмасынын журналисти Жээнбековдон ЕАЭБге мүчө болуп кирүү кыргызстандыктардын жашоо деңгээлине кандай таасир эткенин сураган.
«Сегиз жыл бою орточо айлык маянасынын туруктуу өсүү динамикасы байкалган, 2013-2014-жылдары гана басаңдаган. Жыйынтыгында, анын өлчөмү 2010-жылдагы деңгээлге караганда 2018-жылы 2,3 эсе номиналдуу өскөн жана дээрлик 16,5 миң сомду түзгөн. Ошол эле убакта, ЕАЭБге мүчө болуп турган убакта, 2015-2018-жылдары бул көрсөткүч 33 пайызга өскөн», — деп жооп берген президент.
Биз Жээнбековдун айткандарына расмий ачык маалыматтарды колдонуу менен фактчек жүргүзүп, президенттин сөздөрү — жалган деген тыянакка келдик.
Жаңылыштык
Жээнбеков ЕАЭБге мүчө болуп кирген убакыт аралыгында — 2015-2018-жылдары — кыргызстандыктардын номиналдык маянасы 33% өскөнүн айткан.
Бирок 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча орто айлык акысы 13483 сомдү түзгөн. Ал эми 2018-жылы ал 16427 сомго чейин өскөн.
Демек, ал 33% эмес, 22% өскөн.
Манипуляция
Жээнбеков ЕАЭБге мүчө болуп турган убактагы маянанын өсүүсүн интеграциянын оң учурларынын бири катары келтирген.
Бирок, эгер маяна, айтсак, акыркы 12 жылда (бул убакыт аралыгы үчүн маалыматтар жеткиликтүү) кандай өскөнүн карап көрсөк, анда эң эле аз өсүү деңгээли дал ошол Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү мезгилине туура келет.
Манипуляция 2
Саясатчылар номиналдуу маянанын өсүүсү тууралуу сөз кылганды жакшы көрүшөт, анткени ал адатта дайыма өсүп турат. Ошол эле учурда алар биздин сатып алуу жөндөмүүлүгүбүзгө таасир эткен баалардын өсүүсү тууралуу ооз ачышпайт.
Номиналдык маяна — бул баалардын өсүүсү эсепке алынбаган эмгек үчүн сыйакы. Мисалы, сиз дайыма 10 миң сом алып, бирок ошол эле маалда баалар өсө берет. Бул деген 10 миң сомго ай сайын товарларды аз ала баштайсыз дегенди айгинелейт.
Ошондуктан, адамдардын жашоо деңгээлин туура баалаш үчүн реалдуу маяна кандай өзгөргөнүн караш керек, тагыраагы, товарларга болгон баалардын өзгөрүшүн эске алынган маянаны. Шарттуу түрдө айтканда, эгер маянаңыз 5 пайызга, ал эми баалар 10 пайызга өссө, анда өз маянаңызга аз гана нерсе сатып ала аласыз.
Демек, 2010-жылдан 2018-жылга чейин реалдуу маяна болгону бир жарым эсе гана өскөн, бул Жээнбеков өстү деп айтып аткан номиналдык айлыктан кыйла аз.
Ошондой эле реалдуу маяны калктын реалдуу кирешесине таасир этет, тагыраагы инфляцияны эсепке алуу менен бир үй-бүлө мүчөсүнүн орто кирешесине. 2015-жылы, биз ЕАЭБге мүчө болуп кирген жылы калктын реалдуу акча кирешеси кыскарып, 2018-жылы гана биримдикке киргенге чейин болгон кирешелердин өсүү деңгээлине чыга алганбыз.
Жээнбеков журналисттерге дагы эмнелер тууралуу айтканын окуңуз: «Кыргызстан Орусиянын эң ишеничтүү союздашы». Жээнбеков орус басылмасына эмне жөнүндө маек курду?