«Камайбыз». Оштогу марштын уюштуруучулары коркутуулар болгонун айтып чыгышты

Оштогу 8-мартка карата өткөн жөө жүрүш. 2018-жыл. Сүрөт: Айбике Амангелди кызы

Ош шаарындагы «Новый ритм» коомдук бирикмесинин төрайымы Гулиза Абдыжапарова мэрия жана милиция тарабынан «коркутуулар» болгонун билдирди. Бирикме 8-мартка карата жөө жүрүш уюштурууну каалаган. Бирок жергиликтүү бийлик буга тыюу салган.

Буга карабастан «Новый ритм» Конституциянын «Тычтык чогулуштары тууралуу» беренесине ылайык марш өткөрүүнү чечкен. Бул тууралуу мэрия менен Ош ШИИБини кабарлар кылгандан кийин алардын дарегине коркутуулар түшкөнүн айтты Абдыжапарова.

«Мэриядан “туура эмес, акыл-эсиңер менен болгула, шерменде болосуңар, колуңардан кайрып алып кетишет” дешти. Андан кийин милициядан Мирлан Турдалиев деп тааныштырган киши чалды. Ал “чагым болуп кетсе, уюштуруучуларды камайбыз, ызы-чуу боло турган болсо капа болбогула. Мен силерди коркуткан жокмун расмий эскертип жатам” деп коркутту», — деди Абдыжапарова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» коркутуу болгондугу тууралуу маалыматы жоктугун айткан. Ал жогоруда аты аталган милиция кызматкеринин тек-жайы такталарын билдирди. Ошондой эле ал милиция маршты өткөрүүгө тыюу сала албайт, сунуш бере алат деп кошумчалаган.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Новый ритмге» карата коркутуулар болбогонун айтты.

Абдыжапарова кошумчалагандай, «коркутуулардан» кийин бирикменин мүчөлөрү юристтер менен кеңешип уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү жабыркабашы үчүн жана физикалык коопсузудукту да эске алып иш-чараны кеңседе гана өткөрүүнү туура көрүшкөн.

Эки күн мурда Ош мэриясы менен Ош ШИИБи «Новый ритмге» маршка чыкпоо тууралуу кабарлама жиберген. Жергиликтүү бийлик муну республикалык штабдын Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү тууралуу буйругу менен негиздешкен.

«Новый ритм» коомдук бирикмеси 2014-жылы түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү жаштарды колдоо жана адам укуктары сакталып турган коомду кура турган келечек муундардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иш алпарат. Ал эми 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык маршын аталган бирикме 2017-жылдан бери өткөрүп келет. Анда аялдардын укугу, тең укуктуулук, тилектештик, билим алууга болгон укук тууралуу чакырыктар жаңырат.