Аркарды өлтүрүп, аңсакчыны барымтага алган. Браконьер миллион сомго айыпка жыгылды

Ысык-Көл облусунда браконьерге карата мамлекеттин пайдасына деп миллион сом штраф төлөө өкүмү чыгарылды. Ал өткөн жылдын декабрь айында мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн аңчылык жайытында кармалып, анын жанында Марко Поло аркарынын бүтүн эти табылган. Бирок ал аны кармагандарды куралы менен коркутуп, качып кетүүгө үлгүргөн.

Кийинчерээк ал досу менен кайтып келип, эки адамды, аңсакчыны жана Токой чарба мамагенттигинин кызматкерин барымтага алган. Аларды үч сааттан ашык кармап, ал эми мыйзамсыз аңчылыктын далилин жана браконьер кармалганы тартылган видеону өчүрүп салышкан.

Браконьерге каршы «Ден соолук жана өмүр үчүн кооптуу зомбулукту колдонуу коркутуусу», анданы тышкары, «Жаныбарларды жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Мамагенттиктен билдиришкендей, браконьер «Ок атуучу курал менен коркутуу, каршылык көрсөтүү үчүн» жана «Кызматтагы адамды мыйзамсыз кармап туруу үчүн» кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн, бул беренелер боюнча иликтөө иштери уланып жатат.

Анткен менен браконьердин шериги кандай жазага тартылганы тууралуу эч нерсе белгисиз. Браконьердин шериги болгонун Токой чарба мамагенттиги билдиргени менен Ысык-Көл ОИИБи муну четке кагууда.

Браконьерлик үчүн штраф

2017-жылы браньерлик үчүн айыппулдар аныкталган. Мисалы, аркарды өлтүрүү үчүн бир миллион сом өлчөмүндөгү штраф каралган. Мындан тышкары, браконьерлик үчүн эки жылга чейинки түзөтүү иштери же 2 жылдан 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Марко Поло же Памир аркары — «дээрлик коркунуч алдында турган» жаныбар катары Кызыл китепке кирген — ага коммерциялык аңчылыкка тыюу салынган.