«Биз бардык маданий массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргиздик. Жүздөн ашык адам топтолбосун деген токтом чыкты. Бул эмне жөн эле көргөзмө катарында болуп атабы? Ал эми бүгүнкү күндө бардык жерде болуп аткан тойлордо эмне жүздөн аз адам болуп атабы?»


Ушинтип айтты депутат Исхак Пирматов 12-марттагы парламенттин жыйынында. Ал жыйында бийликтин Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу үчүн көргөн чаралары талкууланып жаткан.

Ошол эле отурумда мектептердеги сабактарды токтотуу жана тойлорду өткөрбөө сунушталды. Ал эми коңшу Казакстанда 16-марттан тарта мектеп окуучулары үчүн пландан тышкары каникулдар киргизилет.

Пирматов башка өлкөлөрдөн кайтып келген кыргызстандыктарды чек арада жана аэропортто кантип текшерип жатышканына да нааразы болгон.

«Мына Америка бардык Европа жарандарына кирүүгө бөгөт койду. А бизде кандай? Жөн эле көргөзмө катарындабы? Өкмөт социалдык түйүндөрдөн маалымат алып, жыйынтык чыгарып жатабы? Инкубациялык мезгил мурда 14 күн деп жатышты эле, азыр 27 же бир ай деп жатышат. Мына Кытайдан, Кореядан келип жатышат. Аларды тепловизор менен текшерип жатышат. Бул биздин жападан жалгыз ыкмабыз. Жеке оюмча, бүгүнкү болуп жаткан иш-чаралар өтө эффективдүү эмес», — деди ал.

Өкмөт жыйындан кийин басма сөз жыйынын өткөрүшү керек болчу, бирок аны өткөрбөй калды. Анткен менен өкмөттүн сайтында массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу токтом чыккан.

«Жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды», — деп билдирет өкмөт.

ТЕМА БОЮНЧА: