Өкмөт, министрликтер жана ведомстволор коронавирусту алдын алуу үчүн айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн чек араны жабуудан баштап тынчтык митингдерине тыюу салууга чейинки көрүлүп аткан чаралары тууралуу утур-утур маалымдап жатат. Өлкөдө мурдагыдай эле жаңы коронавирусту жуктуруп алгандар тууралуу расмий билдирише элек. Анткен менен Кыргызстан Кытай менен чектеш жана кошунасы менен көптөгөн тармактарда кызматташат. Өлкөлөрдүн ортосунда студенттердин, сапарман айдоочулардын жана ишкерлердин туруктуу агымы бар.

Коронавирусту жуктурган адамдар көп болгон Кытай же башка өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктарды чек арада дыкат текшерип, милдеттүү карантинге жөнөтүү керек. Бирок, мекенине кайтып келген жарандар бийлик көрүп жаткан чаралар эффективдүү эмес деп эсептешет.

Кылычбек Султан

Кыргызстандын мурдагы элчиси Кылычбек Султан 21-февралда Кореядан кайтып келип, «Манас» аэропортунда чет өлкөдөн келген жарандар талапка ылайык текшерилбей жатканына даттанган.

Ал Алмата аэропортунан транзит менен Бишкекке учуп келип, Гонгонгдон келген аял карантинге жайгаштырылбай эле «Манас» аэропортунан чыгып кеткенин көргөн.


Биз чек арадан өтүп жатканда мени дагы, Гонконгдон келген жүргүнчүнү да өткөрүп жатканын байкадым. Андан кийин ал Каракол шаарына эс алганы кетти


«Мен аны менен сүйлөшүп жатып ал Гонконгдо иштээрин билдим, ошол себептен аны чек арадан дароо өткөрбөй алгач карантинге жаткырышат деп ойлодум. Биз чек арадан өтүп жатканда мени дагы, Гонконгдон келген жүргүнчүнү да өткөрүп жатканын байкадым. Андан кийин ал Каракол шаарына эс алганы кетти», — деп айтып берген ал.

Алматанын аэропортунан Султан жана башка жүргүнчүлөр коронавируска карата дыкат текшерүүгө тушуккан. Жүргүнчүлөргө атайын униформа кийген эки медкызматкер алардын бардыгын тепловизор менен текшерип бүтмөйүн аба кемесинен чыгууга тыюу салынган.

Казакстанга учуп жаткан жүргүнчүлөрдүн бардыгына анкеталар таратылган. Анкетада жүргүнчүлөр байланыш маалыматтарын, сапарларынын тарыхын жана жашаган жерлерин көрсөтүшү керек болгон. Ал эми Бишкекте болсо, Султандын айтымында, эч кандай анкеталар берилген эмес.

Жүргүнчүлөр Чек ара кызматын алдайт

Бишкектик Алина Ким Кыргызстанга Алмата аркылуу Түштүк Кореядан учуп келген. «Манас» эл аралык аэропортунда аны балдары менен кошо эки апталык карантинге жайгаштырууну чечишкен.

Бул Алина Ким чек ара кызматкерлерине Түштүк Кореядан учуп келгенин өзү айтып бергендиктен улам болгон.

«Ал эми бир аз амалкөй адамдар Алматадан эле учуп келишкенин айтып койгон соң үйлөрүнө коё берилишкен. Тагыраагы, аэропортто ким кайдан жана кайда учуп баратканы тууралуу маалымат жок. Жыйынтыгында, 13 адамдын ичинен карантинге сегизин гана жөнөтүштү», — деп айтып берди ал.


Эгер биз вирусту жуктуруп алган болсок, анда биз менен учуп келгендердин баарына жуктурмакпыз да


Ким жана балдары коронавируска карата тестти ооруканада тапшырышкан. Алардын анализдери вирус жок экенин көрсөткөн, бирок азырынча аларды үйлөрүнө коё берише элек.

«Биз Бишкекке баары менен эле жалпы учакта барганбыз. [Учакта] Кыргызстандын, Казакстандын жарандары бар болгон, кээ бирөөлөр Делиден учуп келишкен. Суроо: эгер биз вирусту жуктуруп алган болсок, анда биз менен учуп келгендердин баарына 100% жуктурмакпыз да. Анткени биз каттоодон чогуу өткөнбүз, 50 бир учакта келдик жана бир автобуста болдук», — дейт Ким.

Сегиз адам жаткан палата

Камила Кожокматова 9-март күнү Италиядан учуп келген. Анын айтымында, чек арачыларда коронавирус жуктуруу учурлары көп катталган өлкөлөрдөн учуп келгендердин тизмеси болгон. Жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү сары түс менен белгиленген.

Учактан чыккандан кийин бардыгы тепловизор менен текшерилип, ал эми паспорттук көзөмөлдөгү кезекте айрымдардын аты-жөндөрү аталып врачтардын тобуна чакыртылып, карантинге катталган.

Камила менен кошо Жапониядан учуп келе жаткан жүргүнчү болгон. Ал адамда аэропортто дене табы жогору экени байкалып, ал Бишкектин инфекциялык ооруканасына жаткырылышы керек болгон.

Камила дагы карантинге жаткырылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Италиядан кайтып келгендер эки жумага карантинге жаткырылышы керек. Аны Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Беловодсктогу аймактык ооруканага алып келишкен. Аны дагы башка сегиз адам менен чогуу палатага жаткырышкан, демек, эгер алардын бирөөсүндө коронавирус бар болсо, андан баары жуктуруп алышмак.


Кожокматованын диагнозу анын кандайдыр бир вирусу бар адамдардын жанында болбошун талап кылат


«Мен жаткан палатада сегиз адам бар болчу. Сегизден аял жаткан эки палата жана бардыгы үчүн бир ажааткана бар эле. Тутумдашкан канчоо (системная красная волчанка) менен ооруп, 15 жылдан бери жабыркап келем. Мен бардыгы менен кошо жалпы палатада болбошум керек — бир гана коронавирусту эле эмес, ар түрдүү вирусту жуктуруп алышым мүмкүн. Бул мен үчүн аянычтуу аяктап калышы мүмкүн», — дейт Камила.

Ал оорусуна байланыштуу дарыгерлерден аны өзүнчө палатага которууну суранган. Узак убакытка созулган кеңешүүлөрдөн кийин врачтар аны Бишкектин инфекциялык ооруканасына өзүнчө бокско которушкан.

«Бул жерде шарттары, албетте, жакшы деп айткым келет. Беловодскто болсо кадимки эле айылдык оорукана. Ал жылытылгандай сезилет, бирок ал жакта абдан суук. Негизинен ал жакта баары катуу. 14 күн деп айтышкандай эле баарын тең 14 күн кармашат», — деп айтып берди Камила Кожокматова.

Коронавирус жок

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, бийлик коронавирустун Кыргызстанга өтүп кетпешине дыкат көз салып турат жана жогоруда айтылган эреже бузуулар күмөндүү.

«Эгер адам эпидемиологиялык жактан дурус эмес деп бизде белгиленген беш мамлекеттин биринде акыркы 20 күн бою болгонун аныктасак, биз документтерди, бурч мөөрлөрдү текшеребиз, бул адам тууралуу маалыматтарды медицина кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беребиз», — дейт ал.

Биз Саламаттык сактоо министрлигинен карантинде болуунун эрежеси тууралуу тактоого аракет кылдык, бирок бизден республикалык штаб менен байланышууну суранышты. Штаб менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Расмий түрдө Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок. Бирок коронавирусту жуктурууну алдын алуу боюнча республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлиги массалык иш-чараларды өткөрбөөнү же чектөөнү сунушташкан. Ал эми Бишкектин бийлиги бул сунуштамага таянуу менен сот аркылуу митингдер менен марштарга да тыюу салууга аракет кылган.

Март айынын башында Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу чаралар күчөтүлүп, КЭР, Түштүк Корея, Италия, Иран жана Жапониядан келгендер милдеттүү түрдө ооруканаларга карантинге жаткырылып атканын билдирген. Бирок бизге мындай болбогон учурлар да белгилүү. Буга чейин ТИМ Жапониядан келген киши коронавирус жуктурганын билдирген. Ал Бишкекке келээри менен карантинге жаткырылымакчы болгон. Ага чейин эле көптөгөн тесттер ал дени сак экенин тастыктап, Жапонияда да карантинге жатып чыкканы белгилүү болгон.

Франция, Германия, Испания, Сингапур, АКШ, Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Тайвань, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана БАЭден кайтып келген адамдар медиктердин ар күндүк кароосунун алдында үй карантинине жөнөтүлөт, бирок бизге бул жерде мындай болбогон учурлар белгилүү.

Ошол эле учурда, дипломаттар, делегация жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү карантинге жөнөтүлбөйт.

ТЕМА БОЮНЧА: