Оштогу Киров мектебинин окуучусунан кургак учуктун ачык түрү аныкталган жок

Үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү Кактус Медиа басылмасы Ош шаарындагы Киров атындагы орто метебинин окуучусунан кургак учуктун ачык түрү катталды деп жазып чыккан. Бул боюнча аталган басылмага мектеп директорунун орун басары Елена Будникова кабарлаганы айтылган.

«Биз кыз окуган класстын ичин дезинфекция кылдык. Класстын кире беришине карантин деген жазуу илинди. 10-мартта врачтар келип ошол класстын окуучуларына манту жасашты. Андан соң алар ата-энелери менен чогуу текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага кетишкен», — деп түшүндүргөн Будникова.

«Клооптун» журналисттери окуучунун апасы менен байланышканда кызынын ооруп калгандыгы боюнча ЖМКлар бир тараптуу жана туура эмес маалымат таркатышканын айтты.

«Кызыбыздын ооруганы 6-март күнү билинип, ошол күнү аймактык ооруканага алып келгем. Майрам күндөрүнө туш келсе да, ооруканада кезексиз кабыл алышты. Үй-бүлөбүз менен текшерүүдөн өттүк. Жыйынтыгы жакшы чыкты», — деди окуучунун апасы.

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектурсун Көкөнов аталган мектептин окуучусу текшерүүдөн өтүп, анда кургак учук аныкталган эместигин тастыктады.

«Ошентсе да башка ата-энелер нараазы боло беришкенинен, азыр биз ишемби күнү дезинфекцияга кылууга буюртма бердик. Так диагноз чыга элек эле ызы-чуу чыгып жатат. Биз окуучулардын баарынан манту алдырдык, анын жыйынтыгы келе жаткан жумага чыгат. Дүрбөлөң кылган ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деп түшүндүрдү Көкөнов.

Негизи мектеп окуучусунан кургак учуктун ачык түрү аныктала турган болсо, анда бала тубдиспансерге жаткырылып, окуусун ошол жактагы мектептен даарыланганча уланта берээрин кошумчалады Тургунов.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова окуучу кургак учук менен ооруп калса ата-эне алгач жергиликтүү ооруканага, андан кийин санитардык эпидемиологиялык борборуна кабарлоосу керектигин айтты. Ошондой эле ал туберкулёздун бардык түрү дарылануунун жыйынтыгы менен айыгат, болгону ооруканага убагында кайрылуу керектигин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы 7324 киши кургак учук менен каттоодо турган. Анын ичинде 5808 адамда оору жаңыдан аныкталган.