Бүгүнкү күндөн баштап жана кырдаал жакшырмайынча «Клооп» Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу тексттик нон-стоп трансляция жүргүзөт. Трансляция күнүгө ушул материалда жүргүзүлөт.

Эң маанилүүлөрү:

  • Кыргызстанда коронавируска чалдыккан биринчи адам каза тапты. Ал 61 жашта болгон жана Ноокаттагы ооруканада дарыланып жаткан. Өлкөдө жалпысынан 147 учур катталган.
  • Кыргызстанда жалпысынан 9 адам коронавирустан айыкты. Алардын алтоосу Жалал-Абад облусунда, экөө Бишкек шаарында, бирөө Баткен облусунда дарыланып үйлөрүнө чыгышкан.
  • Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарында, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда карантин, комендаттык саат ийштейт, жөнү жок көчөгө чыкса болбойт — дарыгерге, дарыканага же азык-түлүк сатып алуу үчүн дүкөнгө чыгууга гана уруксат берилген.
  • Кыргызстандын Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу убактысын сентябрь айына жылдырды.
  • Кыргызпочтасы Бишкек шаарындагы 60 жаштан улуу бейтаптарга, майып адамдарга жана жалгыз бойлорго инсулин жеткирип беришет.
  • Бийлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратып жардам берет.
  • Мамкызматтарга кызматкерлерди үйдөн иштөөгө коё берүүгө буйрук берилди.

Коронавирустун алдын алуу үчүн карантинди сактап, мүмкүнчүлүк бар болсо аралыктан иштеңиз жана адамдар көп чогулган жерлерге барбаңыз. Өкмөт тойлорду өткөрүүгө, көңүл ачуучу мекемелердин иштешине убактылуу тыюу салып, окуу жайларды карантинге жапты. 

Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын картасы:

Коронавирус тууралуу жаңылыктарга мониторинг жүргүзүп жаткандар: Кайрат Замирбеков, Элвира Султанмурат кызы, Алмир Алмамбетов.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.