Ноокатта коронавирус жуктурган 61 жаштагы киши каза тапты

Материал 10.21де жаңыртылды

Республикалык штаб 3-апрелде маалымдагандай, коронавирусту жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап Ош облустундагы Ноокат аймактык ооруканасында «биологиялык өлүмдөн каза тапты».

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Ошондой эле, бейтапта вирустан тышкары дагы башка өрчүп кеткен оорулары бар болгон.

Мындан сырткары Кыргызстанда коронавирустун жаңы 14 учуру катталды — жалпысынан өпкө илдетине чалдыккандардын саны 130 адамга жетти. Алардын төртөө оор абалда, бир бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Ал эми коронавирус жуктургандардын арасынан беш киши айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция