Дүрбөлөң жана чайкоочулук. Өкмөт башчысы коронавирус боюнча брифингде эмне деди?

Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктуруу фактылары бышыкталды. Коопсуздук кеңеш коронавирустун алдын алуу үчүн мектеп жана университеттерди үч жумалык карантинге жапты, мунун менен катар адамдар биринчи керектөөдөгү айрым азык-түлүктөргө болгон баа кескин көтөрүлүп кеткенин кабарлай башташты. Ал эми өкмөт Кыргызстанда коронавируска байланыштуу күн алыс отчёт берип турууну жана дем алышсыз иштөөнү чечти.

Бул материалдан Кыргызстандагы коронавирус темасы боюнча бардык жаңыртууларга көз салып турсаңыз болот: Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция

Өкмөт башчысы эмне деди?

«Кудайга шүгүр, бизде азырынча оору катталган учур жок. Анткен менен буга даярданышыбыз керек. [...] Картаны карап көргүлө. Ал жакта коронавирус жок бир нече өлкө калды. Кудайга шүгүр, алардын ичинде Кыргызстан да бар. Бирок эгер оору Казакстан менен Өзбекстанда бар болсо, анда бизге күнүгө казакстандыктар менен өзбекстандыктар келип жатышат, биз миңдеп барабыз. Ошондуктан оорунун биздин өлкөдө пайда болуу коркунучу чоң».

Бийлик азык-түлүктүн бааларын жөнгө салат

«Бүгүнкү күндөн тарта монополияга каршы жөнгө салуу режими киргизилет. Монополияга каршы кызмат ар бир азык-түлүк канча тураарын аныктайт жана жүргүзөт. Бул биринчи кезекте — ун, нан, шекер, өсүмдүк майы. Ага 11 азык-түлүк кирет. Биз бүгүн ар бир аймакта ар бир азык-түлүк канча тураарын аныктайбыз».

Бюджеттен ун жана башка азык-түлүктөргө 400 млн сом бөлүп жатабыз. Дагы эки коммерциялык банк, «Айыл банк» жана «РСК банк» 200 млн сомдон бөлүп беришет. 800 млн сом ун жана буудай алып кирүүгө коротулат. Мындан тышкары, Материалдык резерв фондунда 600 миң тонна ун жана буудай бар. Мунун баарын жетпей жаткан жактарга алып барабыз. Алар базарларда биз койгон баа менен сатылат».

Биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да парламенттин жыйынында өкмөт буудай сатып алууга 220 млн сом бөлгөнүн кабарлады.

«Матрезерв фондунда азык-түлүк, анын ичинде буудай жетиштүү. Мыйзам азык-түлүктөрдүн көлөмүн ачыктоого тыюу салат. Министрлер кабинети буудай сатып алууга 220 млн сом бөлдү», — деди Асрандиев.

Чайкоочулукка каршы күрөш

«Биз бүгүн ЖМКлар аркылуу баалардын расмий маалыматын беребиз. Ар бир аймакта баалар кандай болоору [тууралуу]. Эгер сатуучулар же дүң жеткирип берүүчүлөр тарабынан кандайдыр бир баа көтөрүүлөр орун алса, дароо укук коргоо органдарына кабарлагыла».

Ошондой эле өкмөт башчысы Финпол, ИИМ жана УКМК күнүгө керектелчү азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө үчүн облус жетекчилери жана башка кызматтар менен тыгыз иштешээрин кошумчалады.

Чек арадагы чектөөлөр

«Учурда Казакстандын өкмөтү президенттин буйругун аткаруу үчүн, биздин билишибизче, ыкчам чараларды иштеп жатат. Ал жакта деле, балким, кабарлашат болушу керек. Биз элдерибиздин ортосундагы экономикалык жана жеке байланыштар тыгыз экенин, андыктан андай кадамдарга барбоону макулдаштык», — деди өкмөт башчысы.

Бирок 24.kg маалымат агенттиги кыргыз-казак чек арасында топтолуп калган ондогон оор жүк унаалары тууралуу билдирди — аларды Казакстандын аймагына өткөрбөй жатышат.

Коңшу өлкөлөрдөгү коронавирус

13-март күнү Борбор Азиядагы COVID — 19 инфекциясынын жуктуруп алуунун тастыкталган учурларынын алгачкылары тууралуу белгилүү болгон. Эки учур тең Казакстанда катталган. Жеркиликтүү ЖМКлар маалымдашкандай, жуктуруп алгандар Германиядан учуп келишкен. 15-мартка карата Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны тогузга жетти. Ифекциянын андан ары жайылышын болтурбоо максатында Казакстан 16-марттан тарта Өзгөчө кырдаал режимине өттү.

15-март күнү алгачкы COVID — 19 жуктуруу учуру Өзбекстанда да катталганы кабарланды. 16-мартка карата ал жакта жуктургандардын саны 6 адамга жеткен.