Бул Beeline санарип оператору менен өнөктөштүктө даярдалган материал

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир апта мурда көбүрөөк коронавирус деп белгилүү COVID-19дун пандемиясы тууралуу жарыя кылган. Бул вирус 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында катталып, бирок кийин бүткүл дүйнө жүзүнө жайылып кеткен.

2020-жылдын 18-мартына карата азырынча Кыргызстанда вирусту жуктуруунун үч учуру катталганы менен тургундар бетин кармалаганды токтотуп, колдорун тез-тез жууй башташты. Ал эми текчелерде ун, даарат кагаздары, медициналык бет каптар жана антисептиктер барган сайын азаюуда.

Бирок, ушул сыяктуу вирустар жайылып атканда эң жөнөкөй жеке гигиенаны гана сактабастан маалыматтык гигиенаны да сактай билүү абзел. Тагыраагы, керектүү жана керексиз, зыян же жалган маалыматты айырмалай билүү керек.

Месенжерлерде (көбүнчө WhatsAppта) «Шашылыш! Таркаткыла!» же «Жакындарыңарга жөнөткүлө!» деген шумдуктуудай чакырыктары бар фейк жаңылыктарды тарката башташты.

Мындай билдүүлөрдүн авторлорун же ал нерсе кайсы өлкөгө тиешелүү экенин иш жүзүндө издеп табуу мүмкүн эмес, анткени мындай каттарды миңдеген адамдар бири-бирине жөнөтүшөт. Бирок, сиз мындай маалыматтык акыр-чикирден сактанып, маалыматты чыпкадан өткөргөндү үйрөнсөңүз болот.

Маалыматтык таштандыны кантип таанып билсе болоорун жана кара тумоо учурунда кимге ишенсе боло турганын Beeline компаниясы менен биргеликте түшүндүрүп беребиз.

Маалыматты текшерүү

Баарынан да сизге «британиялык окумуштуулардан» илдеттен айыгуунун ыкмалары, мисалы, «коронавирусту алкоголдук ичимдиктер менен жок кылса болот жана арак ичкендерге вирус жукпайт» же болбосо «дезинфекциялоочу дары-дармектерди тик учак чачат» деген өңдүү оозду ачырган каттар келсе керек.

Биз «бийлик рейд жүргүзүп, балдары көчөдө жүргөн ата-энелерге штраф салат» деп айтылган билдирүүлөрдүн бирине фактчек жүргүзүп көрүүнү чечтик.

«Коопсуздук максатында эртеңки күндөн тарта мектептерде рейд жүргүзүлөт! Кокустан бала мектепте кошумча сабактар же ийримдерге байланыштуу мектепте болуп калса, анда мектептер жоопко тартылат. Эгер балдардын дүкөн, коомдук транспорт же көчөлөрдө жүргөнү аныкталса, анда ата-энелерине айып пул салынат! Андыктан бул маалыматты тез арада ата-энелер отурган чаттарга бөлүшүңүздөр!!!» — деп айтылган билдирүү катында.

Баарынан мурда ушул сыяктуу билдирүүлөрдү окуп жатканда кат кайсы ведомствого тийиштүү экенине жана сөз кайсыл шаар (же жада калса район) тууралуу болуп жатканына көңүл буруңуз.

Бул билдирүүдөгү «эртеңки күн» качан экендиги жана кайсы мамлекетте рейд жүрө турганы тууралуу так айтылган эмес — аны таптакыр эле башка орус тилдүү мамлекеттердин биринде жазып коё алышаары толук мүмкүн. Ошондой эле бул жерде мындай буйрукка кол коё ала турган расмий адамга же ведомствога таянуу болгон эмес.

Эң эле жөнөкөй фактчек жүргүзүш үчүн биз Билим берүү министрлигинин сайтына кирип көрдүк, себеп дегенде ал мектеп окуучулары үчүн жооп берет — ал жакта рейд жана айып пул тууралу бир да жаңылык жок, болгону ведомство кошумча сабак өтпөөнү гана сунуштаган.

Бишкек мэриясынын сайтында да ИИМдин сайтындагыдай эле мындай билдирүүлөр жок. Бирок ИИМдин сайтында жалган маалымат таркаткан адамдар кармалганы тууралуу жаңылыктар бар.

Мындан тышкары, бул билдирүүнүн текстин гуглдан да издеп көрүп, аны Казакстан менен Оруссиядагы ата-энелердин тайпаларында таратып жатышканын билдик — эки өлкөнүн маморгандары тең муну фейк деп айтышууда. Кыргыз басылмалары да укук коргоо органдарына таянуу менен бул маалыматтын жалгандыгын билдиришүүдө.

Ишенимдүү булактарды окуңуздар

Мындай билдирүүлөр жүздөп саналат, андыктан алардын ар бирин текшерип отуруунун кажети жок, болгону маморгандар менен ишенимдүү ЖМКлар тараткан расмий маалыматтарга эле көз жүгүртүп туруу жетиштүү.

Коронавирус кыргыз бийлигинин негизги темасы болгон соң, ар бир маанилүү маалыматтын бардыгы өкмөттүн сайтына чыгарылат. Ага министрликтердин бардыгы, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги да кирет. (Же болбосо республикалык штабдын Телеграмдагы коронавирус инфекциясынын өлкөнүн аймагына жайылышын алдын алуу жана анын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча расмий каналынан билүүгө болот.)

Өкмөт күн сайын коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал жана бийлик тарабынан кандай чаралар көрүлүп атканы тууралуу отчёт берүүдө.

Бул маалыматты кыргызча маалыматтык сайттардан да окуса болот — мисалга, биздин үзгүлтүксүз жаңы маалыматтар жарыяланып турган хроникабыздан.

Эгер сизге башка өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу кырдаал кандай болуп атканы кызыктуу болсо, анда дүйнөгө таанымал эл аралык басылмаларга көз жүгүртүңүз – мисалы, Би-Би-Си же New York Times. Алар маалыматтарын дайыма жаңыртып турушат.

Маалыматты күмөндүү сайт жана форумдардан, ал тургай алар медицина жаатында адистешкен болсо да коронавирус тууралуу издөөнүн кажети жок.

Эгерде сизге башкаларга кызыктуу же абдан маанилүү маалыматты камтыган, мисалы, жер жемиштерде вирус бар деген билдирүү жөнөтүлгөн болсо дүрбөлөңгө түшпөңүз.

Ага ишенип алып башкаларга жиберүүдөн мурда маалыматты талдап, ишеничтүү сайттардан вирус кантип жугаарын жана аны кимдер алып жүрө алаары жөнүндө окуп көрүңүз.

Мээңизди маалымат менен чарчатпай, эс алыңыз

Коронавирус менен бирге адамдардын өлүмү менен оорулар тууралуу маалыматтардын агымы күчөй баштады. Мындай маалыматтар стресстин пайда болуусуна жана негизсиз дүрбөлөңгө алып келет, анткени окурмандардын көпчүлүгү терс жаңылыктарды окуганды жактырышат. Мисалы, адамдар вирустун айынан каза болгондордун санына көбүрөөк көңүл бурушат, бирок ошол эле учурда айыккандардын саны көп болуп атканына маани беришпейт.

Вируска байланыштуу күнүмдүк күн тартибинен алыстап кетсеңиз эле социалдык жактан жоопкерсиз адамга айланып калбайсыз. Эгер карантинге жаткырылган болсоңуз, маалыматтардан бошонуп, өзүңүзгө ырахат алып келген нерсе менен алектениңиз — сериал көрүп же ысык ваннага түшүңүз.

Эгерде күн тартибиндеги жаңылыктар өтө катуу тынчсыздантып, дүрбөлөңгө түшүрүп жатса, анда психологиялык жардам сурап кайрылуу керек. Балким, кээ бир жаңылыктар баштан өткөн жагымсыз окуяны же турмушта болуп өткөн терс тажрыйбаларды эске салып коюшу мүмкүн.

Санарип гигиенасынын негизги эрежелери:

  1. Вирус тууралуу баштапкы маалыматты изилдеп көрүңүз. Белгилери кандай? COVID-19дун өзгөчөлүктөрү? Бул сизге даарылануу ыкмалары жана анын жайылышы тууралуу бышыкталбаган маалыматтарга көңүл бурбоого жардам берет.
  2. Вирустун пайда болгондугу тууралуу фейк маалыматтарга ишенбеңиздер. Интернет булактарында «коронавирус» ким тарабынан жана кайсыл жерде ойлоп табылгандыгы тууралуу көптөгөн сөздөр тарай баштады. Мындай маалыматтарга эч качан ишенбеңиздер (анын үстүнө бул сизге вирустан коргонууга эч кандай жардам бербейт).
  3. Соцтармактарда пайда болгон же сизге жөнөтүлгөн видео жана сүрөттөрдү текшериңиз. Ал үчүн бир нече булак бар — Google Reverse Image Search, RevEye жана InVid.
  4. Каза тапкан жана ооруга чалдыккандар тууралуу маалыматты тактап текшериңиздер. Негизи, аны өз өлкөңүздүн өкмөтүнүн сайтынан же бул жерден тастыктап алсаңыз болот.

Адистердин жардамын алыңыздар. Кыргызстанда 112 номурунда өкмөттүн ыкчам телефону иштейт. Ал жакка түнү-күнү адистин кеп-кеңешин алуу үчүн кайрылсаңыздар болот.