Ноокаттын Зулпуев айыл өкмөтүнө кирчү жол. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл өкмөтүнүн негизги жолуна блок-пост коюулду. «Клооптун» жеринде иштеп жаткан кабарчысынын айтымында, милиционерлер адамдарды да, унааларды да киргизбей жана чыгарбай жатышат.

Буга чейин Ноокат районунун акими Давранбек Маматалив коронавирус жуктурган үч тургун Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл өкмөтүнүн жашоочулары экенин тастыктаган.

Оору катталганы билингенден кийин райондун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Ушуну менен Кыргызстанда 6 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургунунда аталган оору табылган — алар да Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан учуп келишкен.