Кыргызстанда умрадан келген 3 адамдан коронавирус аныкталды

Материал 10.25 жаңыртылды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингде Сауд Арабиядан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирди. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынган.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.

Коронавируска шектелген жарандардын анализдери биринчи Ош шаарындагы лабораторияда оң жыйынтык берген. Кийинчерээк Бишкектеги лаборатория ооруну тастыктаган.

Үч кыргызстандык менен бир учакта 135 адам учуп келген. Алардын 90у обсерваторияга жаткырылды. Мындан тышкары, алар менен Сузакта байланышта болгон адамдардын тизмеси такталууда.

Коронавирус аныкталган жарандар 70, 62 жана 46 жашта, алардын баары эркек кишилер. Баары Сузак районунун Благовещенск айылынын тургундары. Алар менен бирге учуп келген 5 айыл тургундарында коронавирус аныкталган жок.

Министр кошумчалагандай коронавируска тесттер акысыз өткөрүлөт. Тестти кантип тапшырууну бул шилтеме аркылуу билип алсаңыз болот.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция