Сүрөт: Республикалык штаб

Коомдук жайларды дезинфекциялап жүргөн адамдардын формасы ушундай. Эми бул иштерге ыктыярчыларды да тартышууда.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, алар Жалал-Абаддагы коомдук жерлерди дезинфекциялашкан. Буга чейин, аталган облустун Сузак районунда коронавируска чалдыккан алгачкы кыргызстандыктар аныкталган. Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан тышкары, Кызыл жарым ай коому менен Жалал-Абад облусунун ӨКМи үн чоңойткучтар аркылуу элге коронавирустун алдын алуу тууралуу айтып беришүүдө. Мындай иш-чараларды башка облустарда да уюштуруу пландалууда.

Штабдын маалыматы боюнча, ыктыярчылар орунжайларды дезинфекциялашат, ал эми алардын мындай амунициясы жок бир бөлүгү Бишкектин жаңы конуштарын кыдырып, карантиндин маанилүүлүгүн түшүндүрүп, колду таза жуу эрежелерин жана той-аштарга барбоо тууралуу айтып беришүүдө.

Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу кырдаалга бул жерден көз салып туруңуз: Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция