Пандемия учурундагы эң маанилүү эрежелердин бири — бул карантин шарттарын сактоо. Өлкөдө коронавируска чалдыккандар аныкталганына карабастан, кыргызстандыктар пандемияга олуттуу мамиле жасабай жатышат.

Алар тойго барганды токтотпой жатышат, анткени «алар туугандары, баш тартуу уят», тойлорду өткөрүп жатышат, себеп дегенде эбак эле пландап коюшкан, эреже боюнча жабык болушу керек ар кандай жайларга барышууда, анткени карантинде зээригишет, эшикке чыгып, топтошуп жолугушууну улантып жатышат.

Эгер сиз «жөн гана досторум менен отуруп келдим» деп актангандардын катарында болсоңуз, ал эми жакындарыңыздын арасында тойго баруудан тартынбагандар бар болсо, анда бул видеону көрүңүз да бөлүшүп коюңуз. Видеодо эмне үчүн карантин маанилүү экени жана коронавирус кандай коркунуч жаратаары тууралуу айтылат.

Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу кырдаалга бул жерден көз салып туруңуз: Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция