Жалал-Абад шаарында 100 миң беткап сатыкка чыкты

Жалал-Абад шаарына алынып келинген беткап. Сүрөт: Жалал-Абад мэриясы

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков фейсбуктагы баракчасында шаарга 100 миң беткап алынып келингенин жазды. Анын айтымында, бир тургун дарыканадан 3 даана гана беткап сатып ала алат. Баасы болсо 10 сомду түзөт.

«Эми коронавирус жана жугуштуу ооруулардан коргоочу каражатка байланыштуу көйгөй азайды. Ал эми анын сатылуу баасы тыкыр көзөмөлгө алынат», — деп ишенирет ал.

Жалал-Абад шаары Сузак району менен чектеш жайгашкан. Райондо 18-мартта үч тургун коронавирус жуктурганы белилүү болду. Мындан улам аймакта беткапка суроо талап жогорулаган.

Бүгүн, 20-мартта саласатты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө дагы үч киши коронавирус менен катталганын айтты. Алты кыргызстандык тең жакын арада кичи ажылыктан келишкен. Эки райондо тең өзгөчө кырдаал режими киргизилди.