Ноокатта үч тургундан коронавирус аныкталды

Ош облусунун Ноокат районунда үч жаранда коронавирус аныкталды. Учурда алар аймактык ооруканада изоляцияга алынган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«[Коронавирусту жуктуруп алган] 3 адам да биздин ыйык жерге барып келишип, ошол жерден жуктуруп келиптир. Ал адамдардын баары ооруканага жаткырылып, даарыланып жатышат», — деди Чолпонбаев.

Чолпонбаев коронавирусту жуктуруп алган Ноокаттын тургундары менен канча адам учуп келгенин жана алардын өздүгү аныкталып жатканын кошумчалады.

Ушуну менен Кыргызстанда 6 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургунунда аталган оору табылган — алар да Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан учуп келишкен.

Ошол эле күнү Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев аймакта өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган. Коронавирус табылган айылдарда блок-посттор коюлуп, аймак курчоого алынды. Айыл тургундарынын баары карантинде турушат.

Коронавирус жуктуруп алган 3 жаран менен биргеликте Сауд Арабиядан 144 адам учакта болгон — алардын ичинен 2 жаран Өзбекстанга чыгып кеткен, калган 142 жаранда коронавирус аныкталган жок. Бул жарандардын баары обсервацияга алынган. Ошондой эле саламаттык сактоо министри алар коронавируска дагы бир нече жолу анализ беришерин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция