Коронавируска каршы күрөштө Кыргызстанга ким кандай жардам берип жатат?

Коронавируска каршы күрөштө Кыргызстанга дароо бир нече өлкө жана эл аралык уюмдар материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүштү. Алар: Түркия, Кытай, Орусия, Жапония жана АКШ.

USAID

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 20-мартта АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу 66 млн сомдон ашуун каражат бөлө турганын кабарлады.

Каражат Кыргызстандын коронавирустун пандемиясына реакция кылуу жөндөмөнүн жогорулатуу үчүн үч атайын уюмга бөлүнмөкчү.

Гранттын биринчи алуучусу болуп Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДССУ) уюму эсептелинет. Анын кызматкерлери ооруга каршы күрөшүү боюнча чаралар менен иш-аракеттерди координациялашат. Мындан тышкары, алар клиникалык, лабораториялык, эпидемиологиялык көзөмөл жана жеке коргонуу каражаттарын даярдоонун үстүндө иш алып барышат.

Экинчи алуучу — бул Abt Associates уюму ишке ашырып жаткан Жергиликтүү саламаттык сактоо системаларын бекемдөө программасы. Уюм инфекциялардын алдын алууну жана көзөмөлдөөнү, вирус жугузуу учурларын аныктоону, ошондой эле керек болгон кошумча медикаменттерди сатып алууну камсыздайт.

Гранттын дагы бир алуучусу — Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы. Ал калкты вирус жугузуп албоо боюнча кабарлап, вирус жуктуруп ала турган контакттардын артынан түшүү иштерин алып барат.

USAID берген маалымат боюнча, негизги көңүл инфекциялык көзөмөлгө, алдын алууга, аныктоого, диагностикага, ооруна даарылоого, анын ичинде коомчулукту маалымат менен камсыздоого бурулат. Бардык иш-чаралар менен артыкчылыктуу багыттар Кыргызстандын өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте кеңешүүнүн үстүндө иштелип чыккан.

«Бул ыкчам жардам берүү пакети USAID Саламаттык сактоо министрлигине 2020-жылдын 11-мартында өткөрүп берген жеке коргонуу каражаттарын жеткирип берүүсүн кошумчалайт. Жеке коргонуу каражаттарына 10 миң бет кап, 10 миң кол кап, 1400 хирургиялык халат жана 200 коргоочу көз айнектер кирет. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы өлкөнүн кызматкерлери COVID-19 вирусу бар бейтаптарга медициналык жардам берүүдө тез жана коопсуз реакция кылышы үчүн аларды бул каражаттар менен камсыз кылып жатат», — деп билдиришти элчиликтен.

«Сорос — Кыргызстан» фонду

«Сорос — Кыргызстан» фонду уюм Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө өпкөнү жасалма вентиляциялоо аппаратын өткөрүп бергенин кабарлады.

«Инфекциялык оорукана коронавирус массалык жайылган убакта өзүнө негизги жүктү арта турган мекеме болуп эсептелинет. Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө мындай аппараттардын 12си бар, өз кезегинде бул мындай кризистик учурлар үчүн кыйла эле жетишсиз болуп эсептелинет», — деп айтылат билдирүүдө.

Фонддун саламаттык сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов учурда Кыргызстандын рыногунда бул жабдуу дефицит экенин белгилеп өттү.

«Сатып алууга жеткиликтүү болгон аппараттардын баары сатылып алынды. Учурда көптөгөн эл аралык жана жеке донорлор аларды сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүүгө даяр, бирок алар бир нече өлкөлөрдө жана аймактарда гана чыгарылат жана азыр бул аппараттар ал өлкөлөрдүн өздөрүнө керек. Ошондуктан азырынча алар аппараттарды экспортко чыгара алышпайт. [...] Ыкчам аракеттердин арты менен биз Кыргызстанда жеткиликтүү болгон ушул аппаратты сатып алууга үлгүрдүк», — деди ал.

Фонддон белгилешкендей, инфекциялык ооруканага учурда аталган аппараттын дагы бирөөсүн сатып алуу процесси жүрүүдө. Ошондой эле бейтаптарды тейлөө үчүн кошумча медициналык коргоо каражаттарын сатып алуу пландалууда.

Мындан тышкары, «Сорос — Кыргызстан» фонду Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө мамлекеттик түзүмдөр менен жарандык уюмдарды колдоо үчүн 100 миң долларлык өзгөчө корду түзгөн.

«“Сорос — Кыргызстан” фонду ар бир күн, ар бир саат маанилүү болуп турган шарттарда ыкчам аракет көрүү үчүн ресурстарды мобилизация кылып жатат», — деп белгилейт уюм.

«Фонд социалдык адилеттүүлүктү, теңдикти жана адам укуктарын коргоону камсыздоодо жарандык уюмдарга колдоо көрсөтүүнү улантып жатат», — деп айтылат республикалык штабдын билдирүүсүндө.

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдору

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясынын негизги иши калкка коронавирус коркунучу боюнча маалыматты жеткирүүгө багытталган.

Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте калкты коронавирустан коргоо боюнча жаңы сунуштамаларды даярдоого катышкан.

Учурда Кызыл жарым ай коому менен ӨКМ Жалад-Абад облусунда үн жеткиргичтер аркылуу коронавирустун алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып берип жатат. Мындай иш-чараларды башка облустарда да өткөрүү пландалууда.

Уюмдун ыктыярчылары орунжайларды дезинфекциялап, Бишкектеги жаңы конуштарды үймө-үй кыдырышууда. Алар адамдарга карантиндин маанилүүлүгүн, колду таза жуу жана той-ашка барбоо боюнча түшүрдүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жапония

18-мартта Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинде Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү менен Жапониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өткөн.

Жапониянын делегациясы Кыргызстанга 2 миң даана өлчөмүндө коронавирусту аныктоо боюнча тесттерди алып келген. Алар Жапониянын Инфекциялык оорулардын улуттук институту тарабынан бекер берилген.

Орусия

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта кабарлагандай, Орусия COVID-19дун диагностикасына арналган каражаттардын бардыгы менен Кыргызстанды толук камсыз кылды.

Коронавирусту аныктоо үчүн жалпысынан 7,5 миң тест системасы бөлүнүп берилген.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кайрылууларды кабыл алуу боюнча иштерди улантып жатат.

Түркия жана Кытай

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Түркия менен Кытай да Кыргызстанга коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча тесттерди беришкен.

«Биз бүгүнкү күндө тесттерди сатып албайбыз. Баары тең гуманитардык жардам катары келип жатат. Бул тесттердин баары жеткирип берген өлкөлөрдө текшерилген, алар колдонууга уруксат алышкан жана биз аларды пайдаланып жатабыз. Бул тесттер эл аралык сертификациядан, ошондой эле ДССУдан аккредитациядан өтүшкөн», — деп билдиришти ведомстводон.