Майкл Райан: «Биз вируска каршы согушту кабыл алышыбыз керек»

Майкл Райан. Сүрөт: Би-Би-Си

ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан Би-Би-Синин «Эндрю Марранын Шоусу» телеберүүсүндө мамлекеттер чек араларды жабуу менен гана коронавирусту жеңе албашын билидирди. Бирок ошол эле учурда жасалып жаткан иш-чаралар вирустун келечекте кайрадан жайылып кетпөөсү үчүн керектигин кошумчалады.

«Негизи учурда эң керек болгон нерсе — бул оорулууларды таап, аларды изоляция кылыш керек. Ошондой эле алар менен карым-катнаш түзгөндөрдү таап, изоляция кылыш керек [...] Эгерде азыр каттуу чараларды көрбөсөк, кыймылга чектөөлөр алынгандан кийин оорунун көрсөткүчү дагы жогорулап кетет», — деди Райан.

АКШ жана Европанын көпчүлүк өлкөлөрү Кытай жана башка Азия мамлекеттеринен үлгү алып, чечкиндүү чараларды колдоно башташты деп эсептейт Райан. Көпчүлүк кызматкерлер үйлөрүнөн иштеп баштады, ал эми мектептер жана коомдук жайлар убактылуу жабылды.

Райандын айтымында, Кытай, Сингапур жана Түштүк Кореянын бийлиги ооруга шектүүнү ар бирин текшергенинен улам, пандемиянын очогу Азиядан жылдырылган.

«[Вирустун] жайылышын токтоткондон кийин биз вирустун өзү менен алектенишибиз керек. Биз вируска каршы согушту кабыл алышыбыз керек», — деди Райан.

Ошондой эле Райан бир нече вакцина иштелип чыкканын айтты. Бирок алардын ичинен бирөө гана АКШда сыноодон өтүп жатат.

«Биз реалист болушубуз керек. Вакцинаны иштеп чыгуу жана сыноого көп убакыт кетет. Биз аларды коопсуз кылып, алардын эффективдүүлүгүн далилдешибиз керек — ошондо гана вакцина бардыгы үчүн чыгарыла баштайт. Бул өтө узак процесс, биз этият болушубуз керек. Вакцина миллиарддаган адамдарга колдонулат. Вакцина коопсуз болуп, эч кимге зыянын тийгизбешине биздин көзүбүз жетиш керек. Биз кеминде бир жыл дейбиз. Вакциналар келет, бирок азырынча биз зарыл чараларды колдонушубуз керек», — деди Райан.

Ошондой эле Райан коронавирус бир гана улгайган адамдарга зыянын тийгизбегенин айтып, орто жаштагылар да коркунуч абалда экенин белгиледи.

«Көбүнчө балдар жана жаштар айыгып кеткенин байкадык. Бирок [коронавирус менен ооруган] орто жаштагы адамдар да бар. [Түштүк] Кореяда оорудан өлгөндөрдүн 19%ы — бул беш адамдан бирөөсүнүн жаш курагы — 60 жаштан төмөн болгон. Бүгүн Италияда каза тапкан үчөөнүн экөөсүнүн жашы 70тен төмөн, ал эми ооругандардын 12%ы 50 жаштан төмөн. Бул бир гана “карыялардын оорусу эмес”, орто жаштагы адамдарга да таасирини тийгизет», — деди Райан.

Учурда дүйнө боюнча коронавирус 167 өлкөдө катталган. Ооругандардын саны 341 722 адамга жетти — алардын 98 869 айыгып, 14 765и каза тапкан.

Ал эми Кыргызстанда коронавирустун жалпы 14 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында. Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-мартта Пакистанга дааватка барган 57 жаштагы кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын кабарлады. Оору жуктурган кыргыз жараны учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында дарыланууда.