Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 16 адамга жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында, 23-марттын саат 16:00го карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 16га жетти.

Жаңыдан оору жуктурган эки адам Ош облусунун Ноокат районунун тургундары.  Бейтаптар аймактагы оорукананын инфекциялык бөлүмдө дарыналып жатышат. Алар да кичи ажылыктан 13-мартта келишкени айтылды.

Министрлик учурда алар менен карым-катнашта болгон кишилердин тизмесин тактоодо. 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустун жалпы 16 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, бешөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында. Алардын 15и Сауд Арабиядагы умрадан келишкен, ал эми бир киши Франциядан.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Буга байланыштуу коронавирустун алдын алуу максатында аймактарга санитардык-карантин посттору коюлуп, карантин режими кабыл алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция