Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Материал жаңыртылып турат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-апрелде билдиргендей, саат таңкы 10го карата коронавирустун жаңы 69 учуру катталды. 

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын 47и Ош облусунун (Ноокат 42, Кара-Суу 3, Ош шаарында — 2), 13ү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, бешөө Бишкектин тургундары жана бирден учур Нарын, Ысык-Көл (Каракол шаарында) жана Баткен облустарында аныкталды.

Өпкө илдетине чалдыккандардын бардыгы обсервацияда болушкан.

Ал эми стационарда 202 адам дарыланууда. Анын ичинен бешөөнүн абалы оор туруктуу деп бааланууда. Эки адам жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Ушуну менен COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 216 кишиге жетти   тогузу медицина кызматкерлери. Өпкө илдетинин 25и Бишкекте, 94ү Ош облусунда, төртөө Баткен облусунда, 80 адам Жалал-Абад облусунда, бешөө Чүй облусунда, үчөө Ысык-Көл облусунда, бешөө Нарын облусунда катталды.

Ал эми аталган вирусту жуктургандардын ичинен 10 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Ошондой эле өпкөнү сезденткен илдеттен төрт киши каза тапты.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция